Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

Талаштуу Кашмир аймагында атышуу болду


Пакистанга караган Кашмирдеги кыштак. 21-октбярь, 2019-жыл.
Пакистанга караган Кашмирдеги кыштак. 21-октбярь, 2019-жыл.

Пакистан менен Индиянын ортосундагы талаштуу Кашмир аймагында чек арада болгош атышууда үч жайкын тургун каза таап, 13 киши жарадар болгонун эки тарап тең билдирди.

Гималай аймагын экиге бөлгөн көзөмөл тилкесин бойлой миномёт менен артиллериянын атышы 11-апрелде баштатып, эртеси да уланды.

Индиянын башкаруусундагы Кашмирдин полициясы Пакистан армиясы аткан снаряддар Купвара аймагында үйлөрдү талкалап, үч киши каза таап, беш адам жарадар болгонун билдирди.

Пакистандын армиясы Индия тараптан атылган октон сегиз киши жараат алганын кабарлады.

Кашмир аймагын иш жүзүндө үч мамлекет башкарып келет. Аймактын түндүк-батышы Пакистанга баш ийсе, түндүк-чыгыш тараптагы бир аз бөлүгүн Кытай көзөмөлдөп турат. Кашмирдин түштүгүндөгү Жамму жана Кашмир аймагы болсо өзгөчө макам менен Индиянын курамында болууну чечкен.

Былтыр 5-августта Индиянын өкмөтү Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарып, муну аймактагы «жикчилдиктин, террорчулуктун жана тууганчылыктын» тамырын кыркуу аракети менен түшүндүргөн.

Атайын макамга ылайык, мусулмандар басымдуулук кылган Жамму жана Кашмир штаты өзүнүн Баш мыйзамы менен иш алып барып, тышкы саясат, коргонуу жана коммуникация тармактарынан башка бардык маселелерде Нью-Делиден өз алдынча чечим кабыл алып келген эле. Индиянын мындай макамды жокко чыгарган чечими Пакистандын кескин нааразылыгына себеп болгон.

Индия менен Пакистан Кашмирди 1947-жылы Британиянын карамагынан чыккандан кийин бөлүп алган. Өзөктүк куралы бар эки коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы үч согуштун экөө дал ушул Кашмирдин айынан башталган.

XS
SM
MD
LG