Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

Иудейлер жана таажы вирусу: Сабатсыздар ар динде бар


Израилдик жоокерлер 5-апрелден тартып карантинге алынган Бней Брак шаарындагы тургундарга азык-түлүк жеткирүүдө. 05.4.2020.
Израилдик жоокерлер 5-апрелден тартып карантинге алынган Бней Брак шаарындагы тургундарга азык-түлүк жеткирүүдө. 05.4.2020.

Таажы вирусунун жаңы түрү жайылган тапта дүйнөнүн ар кыл диндеринде эскичил көз караштагы динчилер алааматтуу илдетке көбүрөөк кабылууда. Эскичил иудейлер Израил өкмөтүнүн чакырыктарына саботаж кылышты. 

Карантин мусулмандарга каршы эмес

Пакистанда таблигчилер расмий бийликтин карантин жарыялагандыгына каршы туруп, жума намазда жамы мечиттерге котолоп бара беришкендиги, ал эми Кыргызстанда айрым умрачылар менен дааватчылар COVID-19 илдетин андан ары жайылтууга өбөлгө түзүшкөнү жөнүндө макалаларды окуп, айрымдар “Азаттык” жана башка медиа каражаттары мусулмандарга каршы үгүт кылып жатат деп курулай доомат кылып чыгышты. Ушундайча сын пикир билдиргендердин арасында айрым өзүм сыйлаган илимпоздор да болгондугу мен үчүн кейиштүү экенин кошумчалай кетейин.

Ошол эле учурда Сауд Арапстан, Иран сыяктуу мусулман өлкөлөрүндө деле бул илдетти таркатууга каршы чечкиндүү чаралар көрүлүп жаткандыгы жөнүндө да ММКларда ачык айтылып келет.

Маселе динде эмес экендигин мусулман өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары деле тастыктап келишет. Мисалы, мусулмандардын ыйык шаарлары Медина менен Мекени Сауд Арабстандын падышасы мурда кандай көзөмөлдөп келсе, азыр деле ошондой көзөмөл кылуусун улантып жатат. Мында бийлик алмашкан жок. Бул шаарлар христиандардын же башка диндегилердин колуна өткөн жок. Бирок карантин чараларынан улам ыйык шаарлар зыяратчылар үчүн убактылуу жабылды.

Дүйнө жүзүндө ислам дининен тышкары да көптөгөн диний ишенимдер бар эмеспи. Алардын табынуучулары да COVID-19 илдетине карата ар башка мамилелерде болуп жаткандыгы маалым.

Негизи, ар кандай диний топто эскичил диний көз караштар канчалык бекем болуп, илимий жетишкендиктер четке кагылып келсе, мындай топтор ошончолук COVID-19 илдетине көбүрөөк кабылаары айкындалууда.

"Таблиги жамааттын" мүчөлөрү карантинге алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:38 0:00

Израилдеги жана дүйнөдөгү харедим тобу

Маселен, иудей (йахуди) динин туткан жөөттөрдүн ичинде да өзгөчө эски диний ишеним түрлөрүн туткандар (“харедим” –– “кудайдан корккондор”, ортодокстор) бул жаңы илдетке Израилдеги башка диндештеринен дээрлик сегиз эсеге тез жана арбын кабылгандыгы маалымдалууда. Анын себеби –– эскичил иудейлер карантин эрежелерин катуу кармануудан баш тартышып, ар кыл той-торополорду шаан-шөкөт менен уюштуруп, таажы вирусуна чалдыккандар да катышкан шартта сөөк узатуу жөрөлгөлөрүн котолошуп өткөрүүсүн уланта беришкендиги болду.

Ушундай эле калайыкты тобокелге салган окуялар дүйнө жүзүндө харедим тобу байырлаган башка шаарларда (маселен, Нью-Йорктун айрым конуштарында) да байкалды.

Иерусалим (арапча Куддус) шаарынын эски шаар бөлүгүндөгү жөөттөрдүн көөнө кездерден берки ыйык диний жайы –– “Кошок кошуу дубалы” (жөөтчө "Ха-Котел ха-Маарави"; арапча “ал-Мабкаа”) болуп саналат. Адатта, тооп кылып келген иудейлер бул дубалды өбүшөт.

Иерусалимдеги "Кошок кошуу дубалы". 2020-жылдын марты.
Иерусалимдеги "Кошок кошуу дубалы". 2020-жылдын марты.

“Кошок кошуу дубалы” –– бир кезде тоо чокусуна жайгашкан ыйык ыбаадаткана б.з. 70-жылы римдиктер тарабынан кыйратылган соң, ыбаадаткананын дубалынын тоонун батышындагы калган-каткан бөлүгү. Демек, иудейлер дубалдын болгону 485 метрге жеткен бул сакталып калган бөлүгүнүн жанында кошок кошуп, жөрөлгө жасоо аркылуу мурдагы ири ыбаадаткананы эскеришет.

Израилдик бийликтер бул дубалга котолоп келбөө, аны өбүү сыяктуу жөрөлгөлөрдү аткарбоо тууралуу сунуш кылганына карабастан, эскичил иудейлер жөрөлгөлөрүн апрелдин алгачкы аптасынын соңуна чейин мурдагысындай эле улантышканы маалымдалды.

Таажы вирусуна байланыштуу соңку дүрбөлөңдүү кырдаалда Израилдин бийлиги эскичилдер компакттуу жайгашкан айрым аймактарды карантинге алуу чараларын да жүзөгө ашыра башташты. Эскичилдер өлкөдөгү жөөт калайыгынын 12 пайыздайын түзгөнү менен, алардын 40––60 пайыздайы таажы вирусуна чалдыккандыгынын айынан ооруканаларга көбүрөөк түшкөнүн израилдик ММКлар жазып чыкты. (“Нью-Йорк Таймс”).

Эскичил жөөт киши Иерусалимдеги көчөдө. Көрнөктө өкмөт башчы Бенйамин Нетанйахунун сүрөтү тартылган. 01.4.2020.
Эскичил жөөт киши Иерусалимдеги көчөдө. Көрнөктө өкмөт башчы Бенйамин Нетанйахунун сүрөтү тартылган. 01.4.2020.

Ар кандай өкмөт таажы вирусуна каршы карантин жарыялаган шартта “коомдук обочолонуу” (social distancing) тартиби көңүл борборунда болууга тийиш.

Пакистанда жана Индияда таблигчилер бул коомдук обочолонуу тартибине баш ийбей койгон сыяктуу эле, Израилде да эскичил иудейлер өкмөт талаптарын таназарына албастан, диний жөрөлгөлөрдү, сыйынууларды мурдагысындай эле чогулуп өткөрүүнү улантышты.

Бул жаатта харедим топторунун кадыр-барктуу делген диний жетекчилеринин саламаттыкты сактоо маселелерине түркөйлүк менен мамиле кылышы да өзгөчө рол ойноду (алардын жоругу пакистандык таблигчилердин даават уюштуруу жаатындагы жетекчилеринин катасынын сыңарындай болду).

Бул эскичил топтордун жана алардын жетекчилеринин жөөттөрдүн секулярдык жана көз карандысыз маалымат каражаттарына текебер, ишенбестик мамилеси жана “динге ишенгендерди кудай өзү эле сактайт” деген сокур ишеними да таажы вирусунун коркунучу жаатында эскичил диний түшүнүктү туткан калайыктын кеңири кабардар болбой калышына түрткү болду.

Бней Брак шаарындагы опурталдуу абал

Март айында Тел-Авивдин чыгышындагы Бней Брак шаарында бир раввин каза болуп, аны акыркы сапарга узатууга эскичил иудейлердин бир нече жүздөгөн өкүлдөрү топтолгон. Алардын бул кылыгын секулярдык көз караштагы жөөттөр терең айыптап, ал түгүл “киши өлтүргүчтөргө тете жорукка барышты” деп баалашты.

Өз ара кайым айтышуулар күчөгөн маалда, 5-апрелде, Израилдин өкмөт башчысы Бенйамин Нетанйаху калайыкты сабырдуулукка чакырды:

Таажы вирусу пайда кылган жугуштуу илдет ашынган эскичил же секулярчы деп, арап же жөөт деп айырмалап отурбайт. Биз да антип айырмалабайбыз. Бул согуш бардыгыбызга бирдей таандык”, –– деди ал (“Таймс-ов-Исраел” басылмасы. 05.4.2020).

Эми 5-апрелден тартып Бней Брак шаары толук карантинге алынды.

Болгону 200 миңдей тургуну бар бул шаар азыркы тапта өлкөдөгү таажы вирусуна чалдыккандардын чордонуна айланды. Полиция кырдаалга көзөмөл кылып жатат. Тургундарга жөөт аскерлери азык-түлүк таркатууга көмөк кылууда.

Коомчулук болсо Нетанйахунун өкмөтүндө саламаттык сактоо министри кызматын аркалап жаткан 72 жаштагы эскичил иудей Йааков Лицмандын (Yaakov Litzman) таажы вирусуна байланыштуу чектөөлөр киргизүүгө каршы турумун кескин сынга алууда.

Лицман март айынын соңунда өкмөттүк жыйында кабинеттин башка мүчөлөрүн карантинди киргизбөөгө жана синагогдордун каалгасын ачык калтырууга чакыргандыгы маалымат каражаттары тарабынан ашкереленди.

Эгерде (сыйынуу үйүндө) 10дон ашпаган киши чогулса жана алар бири-биринен 2 метр алыстыраак турса эле, анда, менимче, эч кандай эреже өзгөртүүнүн кажетин көрбөй турам”, –– деп Лицман айткан.

Өз министрлиги таркаткан эскертүүлөргө өзү баш ийбей, синагогдордогу табынууларга баруусун уланткан бул министр эми жубайы экөө тең таажы вирусуна кабылып, ооруканага жаткырылды.

Кыргызстанда коомдук обочолонуу чакырыктарынын маанисин жана карантиндин зарылдыгын аңдабай, дуба аркылуу эле таажы вирусун жолотпой коёбуз деген имамдар, мечит бош калганына кабатырланып ыйлаган диниятчы өз тасмасын өзү таркаткан учур аргасыздан эске түшпөй койбойт.

Ал эми Израилдин Бней Брак шаарында болсо бир эскичил динчилердин үй-бүлөсүнө таандык 11 жашар эркек бала 3-апрелде шаар көчөлөрүн карантин шарттарына даярдап, металл тоскоолдорду орнотуп, коопсуздук камылгаларын жүзөгө ашырып жаткан израилдик аскерлерге атайылап түкүрүп, жоокерлерге “нацист” деп кыйкырып акаарат кылып жаткандыгы жөнүндөгү тасма дүйнөгө интернеттин коомдук тармактары аркылуу желден тез таркады.

Башка эрезеге жеткен жаштагы эскичил динчил киши полиция кийимин кийген кызматкерге багыттап атайылап чүчкүрүп жатканы да бул тасманын баш жагында чагылдырылып калган.

Эмне үчүн Бней Брак шаарына карантин киргизилди?

Анткени калк саны 8,7 миллион кишиден турган Израил өлкөсүндөгү таажы вирусун жуктуруп алгандардын жалпы санынын дээрлик 30 пайыздайы дал ушул чакан шаарга туура келет.

Мындагы тургундардын басымдуу көпчүлүгү –– өкмөттүн таажы вирусуна байланыштуу коомдук обочолонуу жаатындагы сунуштарын көзгө илбеген эскичил иудейлер жамаатынан турат.

Ушундай эле оор санитардык акыбал Иерусалим шаарындагы басымдуу бөлүгү эскичил жөөттөрдөн турган конуштарда да жаралган.

Ал эми “Фейсбукта” болсо 7-апрелде Израил полициясы Бней Брак шаарында карантин эрежелерине баш ийбеген эскичил жөөттөрдү камакка алып жатканы чагылдырылган видео жарыяланды.

Эскичил иудейлер жалгыз эмес

Башка диндеги эскичилдер да жаңы таажи вирусунан келип чыккан COVID-19 илдетинин коркунучун таназарга албастан, жалпы коомчулуктун саламаттыгына коркунуч туудурчу жагдайларга кириптер кылып жатышкандыгы да маалым.

Маселен, индуисттердин айрым топтору эскичил ырым-жырымга ишенип, уйдун сийдиги таажы вирусуна каршы мыкты ылаажы болоорун айтып чыгышканын өткөндө бир макалабызда чагылдырган элек.

“Ахил Бхарат Хинду Махасабха” (Akhil Bharat Hindu Mahasabha” – “Жалпы индиялык индус ынтымагы”) деп аталган уюм Дели шаарындагы баш кеңсесине 2020-жылдын март айында 200дөй кишиден турган жамаатты чогултуп, уй сийдигин ичүү жөрөлгөсүн уюштурган. Айрымдар ал түгүл бул затты өсмөгө каршы дары деп эсептешкени маалымдалууда.

Славяндардын айрым өкүлдөрү деле президент Александр Лукашенко сыяктуу хоккей, сауна жана арак –– таажы вирусуна каршы мыкты дары деп чыгышкан. Орусиялык таанымал ырчы Лев Лещенко COVID-19 илдетине “америкалыктардын жомогу” катары текебер мамиле кылып жатып, иш жүзүндө бул илдетке АКШдагы сапары маалында чалдыккандыгы жана Маскөөдө өзү менен учурашкандарды кооптуу кырдаалга кириптер кылгандыгы аныкталды.

Жыйынтыктасак, бүткүл дүйнө калкы жаңы таажы вирусуна каршы күрөштө өздөрүнүн залкар мухитте жалгыз кайыкта чогуу сүзүп бара жатканын аңдай алышты.

Негизги көйгөй –– ушул ойду өтө эскичил диний көз карашты карманган (балким, чөнтөгүндө 2-3 жогорку окуу жайдын диплому деле болгон) ар кыл түркөйлөргө заманбап маалымдоо усулдарын пайдаланып жалпак тил менен түшүндүрүү, аларды коркунучтуу илдетти андан ары жайылтпоо максатын көздөгөн коомдук обочолонуу жаатындагы убактылуу аргаларга ынандыруу болуп саналат. Айрым учурларда, Бней Брак шаарындагыдай, бийлик полицияны колдонууга аргасыз болгонун туура түшүнүү менен кабыл алуу да абзел.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG