Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

Евробиримдик экономикасын сактап калуу планын жактырды


Марио Сентено.
Марио Сентено.

Европа Биримдигинин финанс министрлери 9-апрелде 500 млрд. еврого барабар антикризистик жардам чараларын макулдашты. Бул маселе бир нече жумадан бери талаштуу талкуу жаратып, биримдиктин ичиндеги пикир келишпестикти көрсөттү.

«Пандемия кризиси учурундагы колдоону эки жума ичинде камсыз кылууга аракет кылабыз. Бүгүн мен Европа Биримдигинин үч жаңы коопсуздук түйүнү жөнүндө айткым келет. Анын жалпы суммасы жарым триллион евро. Бул чукул план биз рецессияга кирген учурда экономикабызды жана социалдык тармакты коргойт», - деди Евротоптун жетекчиси Марио Сентено.

Жардамдын 240 миллиард евросу коронавирустун кесепетинен арылыш үчүн аз пайыздуу насыя катары сунушталат. Негизинен карызга баткан өлкөлөргө, анын ичинде пандемиядан катуу жабыркап жаткан Италия менен Испанияга багытталат.

Ошондой эле жардам чараларынын ичинде насыя берүүнү көбөйтүү жана айлык акыны субсидиялоо үчүн Европа инвестиция банкынын кепилдиги да бар. Анын максаты - компаниялардагы жумушчулардын санын эмес, жумуш саатын кыскартууга жетишүү.

Ошол эле учурда Италиянын, Испаниянын жана Франциянын Евробиримдиктин атынан баалуу кагаз чыгарып сатып, акча табуу жөнүндө сунушу келишимге камтылган эмес. Демилгеге Германия, Нидерланддар, Финляндия жана Австрия каршы болуп келген.

XS
SM
MD
LG