Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

COVID-19: Жаңы Зеландия таажы вирусун жакалоодо өрнөк көрсөттү


Жаңы Зеландиянын борбору Веллингтондун көчөлөрү карантин маалында жым-жырт болду. 26.3.2020.
Жаңы Зеландиянын борбору Веллингтондун көчөлөрү карантин маалында жым-жырт болду. 26.3.2020.

Таажы вирусунан келип чыккан COVID-19 оорусун жайылтпастан, карантин аркылуу чидерлөөнүн өрнөгүн көрсөткөн чакан өлкөлөрдүн бири –– Жаңы Зеландия. Аралдагы мамлекет карантинди чечкиндүү киргизүүдөн утуш алганы дурус айгинеленүүдө.

Өлкө жөнүндө азыноолак кеп.

Адатта, таажы вирусунан келип чыккан COVID-19 илдетине каршы кандайча чаралар көрүлүп жаткандыгы тууралуу кеп козголгондо, Кыргызстанда көбүнесе ири мамлекеттер жөнүндө сөз болот. Ал эми калк саны Ала-Тоодогудан азыраак өлкөлөргө кайрылсакчы?

Тынч океандын түштүк-батышындагы Океания чөлкөмүндөгү Жаңы Зеландия мамлекетинин калкы болгону 5 миллионго жетип-жете бербейт. Жалпы аянты –– 268,838 чарчы чакырымдай. Бул тоолуу жана өрөөндүү өлкөнүн кургактыгынын 41.1 пайызы жайыт катары колдонулат. Өлкө улуту “жаңы зеландиялык” (New Zealander) деп аталат. Этностук курамы европалыктардан (64.1%), маори (16.5%), ханзу (4.9%), индиялык (4.7%), самоа (3.9%), ж.б. этностук топтордон турат. Анча-мынча кыргыздар да пост-советтик доордон бери байырлашат (арасында философия доктору Оңола Дербишева-Макгиди, ж.б. бар).

Баарынан кызыгы, өлкөдө расмий тил катары колдонулуп келген англис жана маори тилдеринен тышкары дудуктар пайдаланчу жаңы зеландиялык жаңсоо тили (New Zealand Sign Language) 2006-жылдын апрелинен тартып үчүнчү расмий тил катары таанылган.

Эң ири Түндүк жана Түштүк аралдардан тышкары да бир нече аралды камтыган бул өлкө Улуу Британиянын канышасынын бийлигин тааныйт. Демек, ал британдык Шериктештикке мүчө болгон конституциялык монархия. Иш жүзүндө ал БУУ сыяктуу эл аралык уюмдарга эгемен мамлекет катары мүчө. Анын бир үйлүү парламенти Кыргызстандыкынындай эле 120 депутаттан турат.

1980-жылы туулган Жасинда Ардерн айым –– Жаңы Зеландиянын өкмөт башчысы. Ал лейбористтер партиясынын өкүлү.

Жаңы Зеландиянын өкмөт башчысы Жасинда Ардерн өлкөнүн Түштүк аралындагы Крайстчөрч шаарындагы жамы мечиттерге террордук чабуулдан кийин атайын жоолук салынып, жергиликтүү мусулман жамаатынын аза күтүү жөрөлгөсүнө катышты. Төмөнүрөөктө – климат министри Жеймс Шоу. 16.3.2019.
Жаңы Зеландиянын өкмөт башчысы Жасинда Ардерн өлкөнүн Түштүк аралындагы Крайстчөрч шаарындагы жамы мечиттерге террордук чабуулдан кийин атайын жоолук салынып, жергиликтүү мусулман жамаатынын аза күтүү жөрөлгөсүнө катышты. Төмөнүрөөктө – климат министри Жеймс Шоу. 16.3.2019.

Айтмакчы, Улуттук партиядан премьер-министр болгон Жим Болгер 1994-жылы Жаңы Зеландияны биротоло Британдык Шериктештиктен чыгып, жумурият жарыяланышы маселеси боюнча коомдук талкуу уюштурган. Бирок калайыктын көпчүлүгү анын демин сууткан пикирде болгон.

Кыргызстандагыдай эле, бул өлкөдө да тууну жактырбагандар бар. Бул туунун жогорку сол жак учундагы британдык символ алардын итиркейин келтирген болчу. Бирок 2015- жана 2016-жылдардагы референдумдарда калайыктын 56,6 пайыздайы азыркы тууну сактап калууну эп көрүп добуш беришти.

Эми айрым ала-тоолуктарды таң калтырган маалыматты кошо айта кетелик. Адатта, Жюль Верн жана башка авторлордун саякатчылар жөнүндө китебин окуп, эски оторчул доордогу маалыматтын чегинде калгандар бул өлкөнү артта калган мамлекет катары санашы ажеп эмес.

Жаңы Зеландиянын ички дүң өнүмү (2017-жылга карата) 189 млрд долларды түзөт (дүйнөдө 68-орунда турат; Кыргызстан –– 23,15 млрд доллар көрсөткүчү менен 144-орунда турат), киши башына 39,000 доллар туура келет (дүйнөдө 48-орунда турат; Кыргызстан –– киши башына 3,700 доллар туура келип, 183-орунда турат).

Мурдагы британдык отордук аймак катары чийки зат булагы болгон бул өлкө соңку 40 жыл ичинде базар экономикасынын кырдаалындагы ийкемдүү саясаты аркылуу дүйнөлүк соодага көз карандысыз ылайыкташкан көп тармактуу заманбап чарбаны өнүктүрүүгө жетишти.

Жемкорлукка каршы күрөштү талдаган эл аралык көз каранды эмес “Транспаренси Интернешнл” уюмунун 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча көрсөткүчүнө ылайык, Жаңы Зеландия –– 100 упайдын 87син алып, эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирди (180 өлкөнүн ичинен Даниядан кийинки эле орунду ээлеген).

Жаңы Зеландия жемкордугу дээрлик жок таза өлкө катары Даниядан кийинки эле 2-орунда турат. “Транспаренси Интеннешнл” уюмунун 2019-жыл боюнча көрсөткүчү. 23.1.2020.
Жаңы Зеландия жемкордугу дээрлик жок таза өлкө катары Даниядан кийинки эле 2-орунда турат. “Транспаренси Интеннешнл” уюмунун 2019-жыл боюнча көрсөткүчү. 23.1.2020.

Ал эми Кыргызстан болсо –– 100 упайдан 30ду гана алып, 180 өлкөнүн ичинен 126-орунда турат. (Коңшу Казакстан болсо 100дөн 34 упай алып, 113-орунду ээлеген). Бул да болсо коррупцияны ооздуктоо боюнча элдик ыңкылапка берилген убадалар расмий Бишкек тарабынан жетишерлик эмес аткарылып жатканын айгинелейт.

Дароо белгилечү нерсе –– жаңы зеландиялыктарга жемкорлукка (коррупцияга) каршы күрөштө сырттан эч кандай көмөк болгон эмес. (Ала-Тоодо да асмандан көмөк күтүүнүн кажети жок).

Жаңы Зеландиянын жигердүү (кайдыгер эмес) атуулдук коому, көз каранды эмес маалымат каражаттары, толук эркин интернет каражаттары, саясий партиялардын калк добушун алуу үчүн чыныгы атаандаштыгы, ошондой эле, бийлик өкүлдөрүнүн саясий эрки жемкорлукту болтурбоо үчүн күрөштө бул өлкөнү кубаттуу жана бай мамлекеттерден алда канча алдыга сууруп чыкты.

Бул жаатта Кыргызстан Борбордук Азияда азыркыдан алдан канча бийик сереге чыгарчу өрнөк көрсөтө алышы мүмкүн. Анын атуулдук коому жана эркин медиасы коңшу пост-советтик жумурияттардыкынан алда канча кубаттуу деп санайм.

Таажы вирусу жана Жаңы Зеландия

Таажы вирусунун андан аркы жайылышына бөгөт коюу үчүн Жаңы Зеландиянын өкмөтү 19-марттан тартып чет өлкөлүктөрдүн өлкөгө киришине убактылуу тыюу салды.

Жаңы Зеландиянын калкы 5 миллионго жакын экендигин жогоруда айттык. Ал эми жылына 4 миллиондой турист келип, туристтик өнөр жай өлкөнүн чарбасына опол тоодой эле салым кошот.

Ыктыярчылар Жаңы Зеландиянын Түштүк аралындагы Алтын булуңда киттерди сактап калуу аракетин көрүүдө. 10.2.2017.
Ыктыярчылар Жаңы Зеландиянын Түштүк аралындагы Алтын булуңда киттерди сактап калуу аракетин көрүүдө. 10.2.2017.

Өлкөнүн бийлиги, сырткы саякатчыларга келүүгө тыюу салгандан тышкары, жергиликтүү калайыкка да деңиз жээгиндеги пляждарда сейилдөөгө жана токойдо аңчылык кылууга тыюу салды.

Тургундар өз үйүнөн анча алыс эмес дүкөндөргө гана барууга жана короо ичинде сейилдөөгө уруксат алышты. Дүкөндөргө келгендер бири-биринен 2 метрдей обочо туруп соода кылууга милдеттеништи. Эгерде дүкөн чакан болсо, анда бул дүкөндөн кардар чыгып келгиче, калгандары сыртта кезекте турганда да 2 метрлик аралыкты сактап жатышат. (Кезектеги мындай тартипти Чехияда да кылдат сакташууда).

Соңку (9-апрелдеги) маалыматка караганда, Жаңы Зеландияда 1239 киши таажы вирусуна чалдыккан, анын ичинен 1 киши каза болгон. Эгерде 28-мартта 146 киши бул вируска жаңыдан чалдыкса, апрелдин 8инде 50 киши, 9-апрелде 29 гана киши чалдыкты. Демек, 30-марттан тартып көрсөткүч акырындап төмөндөй баштады. Ал эми айыккандардын саны 317 кишиге жетти. Жаңы Зеландиянын саламаттык сактоо мекемесинин башчысы Эшли Блумфилд (Ashley Bloomfield) бул көрсөткүч кырдаалдын жакшырып бара жатканын айгинелейт деп билдирди.

Алгач жаңы таажы вирусу бул өлкөдө 13-мартта катталган. Демек, бир аптага жетип-жетпестен, өлкө бийлиги чек араны жабуу тууралуу чечимге келген.

Эгерде башка мамлекеттерде жаңы таажы вирусун жайылтпоо чаралары көрүлүп жатса, Жаңы Зеландияда дароо анын сырткы булагынан келчү жолду бууп, илдетти жок кылуу боюнча чечкиндүү кадамдар жасалууда.

Бул секулярдык (айдыңдык) өлкөдөгү калайыктын 48,5 0% бөлүгү эч бир динге ишенбестигин билдирсе, ал эми 37,0 % калайык өздөрүн христиан санашат, 1,3% бөлүгү –– мусулмандар.

Алдыда белгиленчү пасха майрамына карата карантин эрежелерин саал жумшартуу чакырыктарына Жаңы Зеландия өкмөтү терс жообун берди. Жаңы Зеландиянын өкмөт башчысы, дин ишеними жагынан агностик (Кудайдын бар же жогун жактабаган) Жасинда Ардерн айым төрт апталык карантинди эч үзгүлтүккө учуратпай тургандыгын тастыктады.

(Таажы вирусунун тымызын телчигүү мөөнөтү болжол менен 14 күнгө созулат деп жоромолдонууда; демек, Жаңы Зеландия өкмөтү 28 күн бою карантин эрежелерин өлкө боюнча жалпы сактоо аркылуу таажы вирусунун илдетинин баш-аламан жайылышына бөгөт коюу үчүн жетишерлик мөөнөттү белгилеген).

Оболу бийликтер карантин тартибин акырындык менен катаалдатууну көздөшкөн, бирок оорунун дүйнөдө (өзгөчө алганда, Италия менен Испанияда) тез жайыла баштаганын көрүп, өкмөт бир нече күн өтпөй, дароо эле 4-даражадагы (эң жогорку) катаал чараларды киргизди.

23-мартта (дүйшөмбү күнү) премьер-министр Ардерн айым экинчи ирет жалпы элге кайрылуу жасап, калайыкты 48 сааттын ичинде 4-даражадагы карантинге даяр болууга чакырды. Андан соң 25-марттагы шаршемби күнкү кечтен тартып ар бир жаңы зеландиялык төрт апта бою өз үйлөрүнөн чыкпоого милдеттендирилди. (Албетте, тиричилик үчүн зарыл азык-түлүк сатып алуу үчүн көчөдөгү жакырынаак дүкөнгө, дарыканага же ооруканага барууга уруксат берилди).

Баарынан кызыгы, ошол жалпы катаал карантин башталган бейшембиге караган түнү ар бир телефонго бирдей СМС кат келди. Анда “Сиз эмитеден эле COVID-19 илдетине чалдыккан кишинин сыңарындай аракет кылыңыз. Мындай турум көптөгөн өмүрлөрдү сактап кала алат”, – деп бардыгын ынтымакка чакырган текст жазылган эле.

Өкмөт башчы Ардерн айым жана башка расмий жетекчилер өтө жөнөкөй жана шыктандырган сөздөр менен калайыкка кайрылып жатышты. “Үйдөн чыкпаңыз. Короодо чоочун кишилерден обочо туруңуз. Бардыгыбыз тең бир эле кайыктабыз” деген сыяктуу жөнөкөй, бирок таасын сөздөр жаш муундар үчүн да таасирдүү болду.

Өкмөт башчы “Фейсбук” аркылуу да ар кыл суроолорго жооп берип, калайыкка карантин жаатында ар тараптуу маалыматты үйүнө келгенде да таркатып жатты.

Албетте, алгачкы күндөрү карантиндик эрежеге баш ийбеген “тентектер” да чыкпай койгон жок.

Маселен, саламаттык сактоо министринин өзү тоого велосипед тээп чыгып, анын үй-бүлөсү деңиз жээгинде сейилдегени коомчулукка дайын болуп калганда, Ардерн айым аны кескин сынга алды да, аны кызматтан алышы ыктымалдыгын белгилеп, “эгерде мындай кадам азыркы таптагы кризисти жайгарууга кедергисин тийгизбей турган учурда, бул министрди дароо кызматтан алып салмак экендигин” эскертти.

Атуулдук коом да айрыкча жигердүүлүгүн көрсүтүп, карантин эрежесине каршы аракет жасагандардын жоруктары жөнүндө дароо интернеттин коомдук тармактарында жарыялап жана полицияга телефон чалып маалымдап жатышты.

Оппозициядагы Улуттук партия да өкмөттүн чукул чараларын колдоого алды.

Катаал карантиндин алгачкы аптасынын натыйжасы алгылыктуу болду.

Таажы вирусу негизинен чет өлкөлөрдөн саякаттан келгендер аркылуу таркалгандыгы аныкталды жана айкындуулук шартында алар менен байланышта болгондорду табуу жана тизмелөө анча кыйынга турбады.

Эң башкысы, жаңы зеландиялыктар ички карантин аркылуу бул коркунучтуу вирустун өлкөнүн ички аймактарына андан ары ээн-эркин таркалышына олуттуу бөгөт түзүүгө үлгүрүштү. Бул өлкөдө сырттан саякаттан келгендердин (Кыргызстанда –– умрадан жана Пакистандагы дааваттан келгендерди эстейли) түлөө берүү, чоң той өткөрүү сыяктуу элди топуратып чогулткан ыгы жок жөрөлгөлөрдү эч жасабагандыгы анык.

Коомдук обочолонуу шарттарын сактоо аркылуу, демек, жаңы зеландиялыктар таажы вирусунун өлкө ичинде баш-аламан таркашынын алдын алышты.

Ал эми өлкөдөгү каза болгон жападан-жалгыз киши –– таажы вирусу эски ооруларын күчөткөн бир чоң эне болуп чыкты. Жаңы Зеландиянын ооруканалары деле COVID-19 илдетинен жабыркагандарга жык-жыйма толуп чыккан жок (Италия менен Испанияда айрым ооруканаларга батпай калган бейтаптар болгон).

Эми Батыштагы дарыгер окумуштуулар өз бийликтерин Жаңы Зеландиянын тажрыйбасын чечкиндүү колдонууга үндөшүүдө.

Жаңы Зеландиянын өкмөтүнүн алдыдагы жаңы милдети –– катаал карантин мөөнөтү аяктаган соң өлкөгө чет мамлекеттерден келе башташы күтүлгөн өз атуулдарын жана башка саякатчыларды оболу атайын дарыгерлик байкоого алуу эрежесин кыйшаюусуз жүзөгө ашыруу. «Мен чек арада эч жылчык калтырбай турган көзөмөл системасын түзүүгө талаптанам», –– деп өкмөт башчы Ардерн айым жакында баса белгилеп айтты.

Кыргызстан жана Жаңы Зеландия

Кыргызстанда айрым саясатчылар бийликтердин карантин киргизишин «ири мамлекеттердин саясатына баш ийген тактекелик турумду көрсөттү» деп сынга алган учурлар болду.

Ошондой кескин сындаган саясатчылардын бири –– мурдагы депутат, К.Бакиевдин тушунда, 2005–06-жылдары Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри, 2006–07-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы, 2008-жылы Жогорку Кеңештин төрагасы, 2008–09-жылдары Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп иштеген Адахан (Адахам) Кимсанбаевич Мадумаров болду.

(Анын азан чакыргандагы аты Адахам –– арапча жана өзбекче Адҳам, татарча Адыгам, Адхам, Адигам; кыргызда Адахам деп айтыла берет. Адхам, Адахам деген киши аты "теңдешсиз", "сейрек учураган", "өзгөчө кымбат", «уникалдуу» деген мыкты мааниге ээ. Айрымдары «кара тору» деп да түкшүмөлдөшөт).

А.Мадумаров иним азыркы дүрбөлөңдүү кырдаалга карата 6-апрелдеги видео кайрылуусунда жаңы таажы вирусунун алааматы үчүн негедир кыргыз бийлигин күнөөлөптүр (2:07 мүнөттөн тартып). Дагы бир жеринде ал Кыргызстан бийлигинин аракетин "тотукуш саясаты" (7:10) деп келекелептир.

Кыргызстандын бийлиги карантин киргизүү аркылуу ошол алааматтын алдын алып жаткандыгы үчүн кантип күнөөлүү болсун?

А.Мадумаров «киши киши менен сыртка чыгып амандашпай калганына» кейийт. Бирок бул –– аргасыз кадам болду да. Карантиндегилер башка жактагы дос-тамыры менен уюкфон, жөн телефон менен эле баарлашып турса жетишет эмеспи.

Таажы вирусунан өлгөндөрдү "мыйзам ченемдүү" деп аташтын өзү адамгерчиликке жатпайт.

"Бул оору чоң мамлекеттерге чоң пайдасын тийгизди", –– деген далилсиз сөзү (3:18) да орунсуз деп эсептейбиз.

"Аскер жаатында адамдын колу менен пайда болгон вирус" деген А.Мадумаров айткан жоромолду (4:12) дүйнөдөгү илимпоздор тобу мурдараак жалган жоромол катары четке каккан.

Таажы вирусу "Германияга пайдалуу" имиш, анткени бул вируска байланыштуу дүрбөлөң –– Сириядан келчү качкындарды киргизбөө далаалаты (4:56) имиш. Андай болсо канцлер Ангела Меркел тамашалап эле өзүн карантинге салып койдубу? Ал эми британдык өкмөт башчы Борис Жонсон менен канзаада Чарлз да атайылап таажы вирусуна чалдыгыштыбы?

Орусиянын арген үндүү өнөрпозу, ырчы Лев Лещенко да COVID-19 илдетине чалдыкканы маалымдалды.

Албетте, А.Мадумаровго жаккан да мамлекет башчысы бар. Ал –– Беларустун авторитардык бийлик ээси –– "батька" Александр Лукашенко (6:25).

Бул диктатор от менен ойноп, азыркыга чейин футбол матчтарына бөгөт койбой келет. 9-апрелге карата Беларуста 13 киши өлдү, 1066 киши таажы вирусуна кабылды (бул –– расмий маалымат).

Таажы вирусунан келип чыккан жугуштуу илдеттин алдын алуу боюнча Кыргыз бийлиги аргасыз жүзөгө ашырып жаткан аракеттерди "түркөйлүк" деп аташтын өзү (10:20), тескерисинче, сабатсыздыкка жатат.

Нагыз түркөйлөр –– Пакистандагы таблигчилер болду. Алар расмий Исламабаддын «жамы мечитке жума намазга барбай тургула» деген сөзүн көздөрүнө илбей коюп, эми аларды пакистандык бийлик аргасыздан күч менен карантинге алууда. Күч менен карантинге алынгандардын ичинде 1500дөй чет элдик дааватчылар да бар.

“Таблиг-и жамаат” уюмунун Пакистандын Райвинд шаарчасындагы ири жыйынынан кайтып бара жаткан дааватчылар. 13.3.2020.
“Таблиг-и жамаат” уюмунун Пакистандын Райвинд шаарчасындагы ири жыйынынан кайтып бара жаткан дааватчылар. 13.3.2020.

А.Мадумаровдун чет өлкөлүк кайрымдуулук жардамы "коррупциялашкан өлкө бийлиги менен акча бөлүшүү жеңил" деген принцип менен гана берилээри (11:20) тууралуу "ачылышы" да аң-таң калтырат. Бул билдирүүсү 20 секунд мурдараак айткан сөзүнө каршы келет. Анда ал "СПИДге каршы күрөш үчүн бөлүнгөн акча жемкорлор тарабынан желип кеткендиктен, Кыргызстанга акча берилбей калды" дегендей айткан (11:00).

Кыргызстандын бийлиги алааматтуу илдеттин алды алуу максатында март айында карантин киргизүү чараларын сунуштап жатканда, айрым бишкектик имамдар «ыктыярыңар болсо жамы мечитке жума намазга келе бергиле» деген айдыңдык өкмөткө саботаж кылчу маанайдагы билдирүүлөрүн жасашканы, «жамы мечитке киши келбеди» деп өңгүрөп ыйлаган учурлары да өздөрү таркаткан видео аркылуу тарыхта калды.

Дүрбөлөңдүү кырдаалда жагымдуу атуулдук демилгелер да байкалууда.

Маселен, Таласка айтылуу Өтмөк ашуусунан соң кире бериште Адылбек Жусупбековдун демөөрчүлүгү менен карантиндик тазалоо жабдуулары орнотулган видео тасманы көрүп, ошондой эле, Кыргызстандагы ар кыл аймактарда карантинде калган карыяларга жана жакырларга кайрымдуулук жардамдары уюштурулуп жатканын окуп ыраазы болбой койбойсуз.

Кээде мамлекеттик бийликтин кадамынын тууралыгы ички кырдаалда анчейин дурус байкалбаса, анда бул кадамдын оң бааланышы дүйнө жүзүндөгү кырдаал жана өрнөктөр менен калыс салыштыруу аркылуу тастыкталышы ажеп эмес.

Тыянак кылсак, калк саны Кыргызстандыкынан саал азыраак болгон Жаңы Зеландия таажы вирусуна каршы чечкиндүү карантин киргизүү аркылуу дүйнөдө көч башындагы өрнөктүү өлкө болуп калгандыгы –– расмий Бишкектин карантин киргизүү аркылуу туура кадамга баргандыгын ишенимдүү тастыктайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG