Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:46

Өкмөттүн билдирүүсү дарыгерлерди ыза кылды


Кыргызстандык дарыгерлер.
Кыргызстандык дарыгерлер.

Ош облусунда медицина кызматкерлеринин коронавируска жапырт чалдыгуу себебин иликтөө үчүн Бишкектен атайын топ барды.

Мунун алдында илдет жуктурган дарыгерлер өкмөт алар жөнүндө туура эмес маалымат таратып жатканы тууралуу кайрылуу жазышкан. Анда коронавирусту ажы тойдо эмес, обсервацияга алынган кишилерден жуктуруп алышканын белгилешкен.

Ош шаардык балдардын инфекциялык ооруканасынын вирус жуктуруп алган 17 кызматкери кол койгон бул кайрылууну жазууга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун сөзү себеп болгон.

Боронов 8-апрелдеги онлайн-брифингде дарыгерлердин бири умрага барып келген кошунасынын чайына барып, ошол жактан жугузуп алганын айткан эле.

Умрадан келген жарандардан анализ жана анкета алууга барган дарыгер Тамила Нуркамилова бул маалыматты четке какты. Ал "Азаттыкка" берген маегинде өкмөт анын аброюна шек келтиргенин, обсервацияда шарттын жоктугунан, атайын эрежелер так сакталбаганы үчүн коронавирусту жугузуп алганын айтты:

"Атайын жугузгандай болуп жатпаймынбы. Мени жөндөн-жөн эле каралап жатышат. Азыр асма укол алып, жасалма дем алып оор абалда жатам. Кечээ кечинде угуп алып, аябай ыйладым. Анан кайрылуу жазууга туура келди. Мындай маалыматты өкмөткө ким берген? Мен эч жакка чыккан эмесмин. Жумуштан жугузуп отурам. Азыр жетекчибиз "түшүнүк кат жазып бер" деп чалды. “Бул жерде өлүм алдында жатам” десем, телефонду коюп койду".

Дарыгерлердин кайрылуусу.
Дарыгерлердин кайрылуусу.

Дарыгер Нуркамилова дене табы көтөрүлгөнүн убагында билдиргенине карабай, бир нече күндөн кийин гана ооруканага жаткырылганын кошумчалады. Кесиптештери анын абалы оор экенин айтышууда.

Нуркамилова менен кошо обсервацияга барган балдар ооруканасынын дарыгери Гүлүмкан Аматова буларды айтты:

“Умрадан келгендерден анализ алгандан кийин муну да (Нуркамилованы) 14 күнгө обсервацияга жаткырыш керек болчу да. "Бара бергиле, ала бергиле" деп иштетип коюшкан. Жетиштүү шарт жоктугун сопсонун билишет. Аны моюнга алуу ордуна, "умрадан келгендер менен чай ичкен" деп врачтын өзүнө шылтаган оңой болуп жатпайбы. "Умрадан келгендерден жугузуп алгандан кийин да иштеп жүргөн" деп Боронов айткандан кийин кайрылууга аргасыз болдук. Бизди бүт Кыргызстанга маскара кылышты. Кыжаалат болуп жатабыз".

Аматованын айтымында, кесиптеши экөө умрадан келгендерден анализ алгандан кийин жумушта кадимкидей эле иштеп жүрүшкөн. Азыр эки дарыгердин 20дай кесиптеши COVID-19 вирусун жуктуруп алган деген күмөн менен обсервацияда жатат.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 8-апрелдеги басма сөз жыйынында дарыгерлер ооруну сырттан жугузуп алганын айткан:

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

“Айрым медициналык кызматкерлер ооруну иш үстүндө эмес, сырттан жугузганы да аныкталып жатат. Оштогу инфекциялык ооруканада иштеген бир дарыгер умрадан келген кошунасынын чайына барып, ошол жактан жугузуп алганы такталып жатат. Өзү билбей жүрө берип, кесиптештерине да жугузганы боюнча министрлик маалымат берди”.

Ал арада Саламаттык сактоо министрилиги медицина кызматкерлеринин кайрылуусун иликтей баштаганын кабарлап, атайын адистерден турган топ Бишкектен Ош шаарына жөнөп кеткенин маалымдашты.

“Оштогу инфекциялык ооруканада дарыгерлер илдетке чалдыкканы тууралуу маалыматтар чыкты. Бул окуя боюнча Саламаттык сактоо министрлиги комиссия түздү. Иликтөө жүрүп жатат. Бүткөндө кошумча маалымдайбыз”, - деп билдирди министрдин орун басары Мадамин Каратаев​.

Саламаттык жаатындагы көйгөйлөрдү иликтеген эксперт Бермет Барктабасова ооруканаларда шарттын жоктугу жана дарыгерлерге атайын маалымат менен камсыз болбой, даярдалбай калганы үчүн ушундай кырдаал жаралып жатканын айтууда. Ал Кыргызстан эрте кыймылдап, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан сабак алышы керек эле деп эсептейт.

"Биринчи кезекте окутууларды өткөрүү керек. Экинчи кезекте ооруканаларды толук түрдө изолация кылуу зарыл. Дарыгерлер ар жакка каттабашы керек. Оору жугузуп алган адам үй-бүлөсүнө, айласындагылар үчүн коркунучтуу. Бардык өлкөлөрдө дарыгерлер аркылуу жуккан учурлар болгон. Ошондуктан ириде аларды коргонуучу каражаттар менен камсыздоо зарыл. Экинчи кезекте аларды окутуш керек. Үчүнчүдөн, керектүү каражаттар жетиштүү санда болушу кажет".

9-апрелге карата өлкө боюнча саламаттык сактоо тармагынын 34 кызматкери коронавируска чалдыккан, алардын катарында дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашкана жумушчулары жана санитарлар да бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG