Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

Чүй: Кургак учукка каршы оорукана консилиумдарын онлайн өткөрө баштады


Чүйдөгү оорукананын онлайн консилиум учуру.
Чүйдөгү оорукананын онлайн консилиум учуру.

Фтизиатрия боюнча улуттук борбор коронавируска байланыштуу абалдан улам амбулатордук шартта дарыласа боло турган бейтаптарын үйүнө коё берип, калгандарын дарылоону улантууда. Бирок эгер зарыл болсо алар да Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кургак учукка каршы ооруканаларына которулат. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Болот Майканаев кабарлады.

Ошону менен катар заманбап технологияларды колдонуу жагы жолго коюлууда. Догдурлардын консилиумун мурдагыдай шартта өткөрүү мүмкүн болбой жаткандыктан Чүйдөгү Кургак учукка каршы облустук борбордо алгачкы жолу онлайн режимде уюштурула баштады. Чүйдөгү фтизиатрларга USAID агенттигинин «Кургак учукту дарылоо» долбоору жардам берүүдө. Долбоордун клиникалык тобунун жетекчиси Эмир Жумалиев билдиргендей, Чүйдөгү оорукана тийиштүү техника менен жабдылган. Ал аркылуу облустагы бардык райондор менен байланышка чыкса болот.

24-март – Кургак учукка каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата кайрылуусунда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен кургак учук менен ооруган адамдар үчүн коронавирустун оор формаларына чалдыгуу коркунучу көп экенин, андыктан аларды коргоого колдон келген аракет жасалышы керек экенин айткан.

Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет.

Кыргызстанда бул ооруга кабылгандардын 70% - эмгекке жөндөмдүү курактагылар.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска байланыштуу өлкөдөгү дарылоо мекемелеринин багытын кайра караштырып жатканы кабарланган. Планга ылайык, эгер зарылчылык келип чыкса жалпы республикада 1943 орун (инфекциялык бөлүмдөрдө) коронавируска чалдыккандарды дарылоого ылайыкташтырылат. Алардын 254ү реанимациялык орун. (RK)

XS
SM
MD
LG