Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:37

«Сөз эркиндиги карикатуристтин көзү менен» сынагынын мөөнөтү узартылды


2019-жылы «Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» сынагына катышкан сүрөт. «Пресс-конференция». Автору Абдибайит Турсуматов.
2019-жылы «Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» сынагына катышкан сүрөт. «Пресс-конференция». Автору Абдибайит Турсуматов.

«Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» аттуу республикалык экинчи сынактын мөөнөтү узартылды. «Журналисттер» коомдук бирикмеси жана «Сорос-Кыргызстан» фонду бул сынакты 3-май - Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата уюштуруп жаткан.

Уюштуруучулар мөөнөттү узартууга коронавируска байланыштуу Кыргызстанда жарыяланган өзгөчө абал себеп болгонун билдиришти.

Сынак февраль айында жарыяланган. Максаты - өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына коомчулуктун назарын буруу, ал эми милдети - карикатура аркылуу бул чөйрөдөгү маселелерди көрсөтүү, карикатура өнөрүн өркүндөтүүгө салым кошуу экени айтылган.

Жеңүүчүлөргө дипломдор жана 20-30 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар тапшырылат. Мындан тышкары 10 миң сомдон кызыктыруучу эки сыйлык бар.

Ар бир автордон бештен ашык эмес эмгек 15-майга чейин journalist.kg@gmail.com жана elvira.zhekeeva@gmail.com электрондук почталары аркылуу «Карикатуралар сынагы» деген жазуусу менен кабыл алынат. Өзгөчө абал алынып калса 720021, Бишкек ш., Ибраимов, көч. 115, 2-кабат, №10 бөлмө дареги боюнча да кабыл алынат.

Жеңүүчүлөр 18-25-майда аныкталат. Алардын ысымдары Бишкекте өткөрүлө турган Карикатуралар көргөзмөсүнүн ачылышында аталат. Ошондой эле бул иш-чара учурунда бардык каалоочулар үчүн кесипкөй сүрөтчүлөр карикатура боюнча мастер-класстарды өткөрүшөт.

Кошумча суроолор боюнча + 996 (312) 29-94-52, + 996 (550) 28-18-99, + 996 (777) 45-10-83, +996 (555) 935-223 номурларына кайрылса болот. (RK)

XS
SM
MD
LG