Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:59

Кыргызстанда COVID-19 жуккан дарыгерлердин саны 32ге жетти (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны 8-апрелге карата дагы 13 кишиге көбөйдү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Жалпысынан бул илдетке чалдыккан дарыгерлердин саны 32ге жетти.

Булардын ичинен аймактар боюнча катталганы:

Ош облусунда - 20

Жалал-Абад облусунда - 7

Бишкекте шаарында - 4

Баткен облусунда – 1 киши.

Өкмөттүн маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин өзгөчө абалда иштешин жөнгө салуучу мыйзам долбоору даярдалууда. Анда өзгөчө абал учурунда иштеген дарыгердин айлык акысы, эгер ооруну жугузуп алса же ошол илдеттен каза тапса төлөнө турган жөлөкпулдун өлчөмү жазылат. Мыйзам долбоорун парламент дароо үч окууда карап, кабыл алып бергени жатканы айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG