Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

100дөн ашык уюм жакыр өлкөлөрдүн карыздарын кечүүгө чакырды


Жүргүнчү поездине жармашкан кишилер. Түштүк Африка. 16-март, 2020-жыл.
Жүргүнчү поездине жармашкан кишилер. Түштүк Африка. 16-март, 2020-жыл.

Дүйнөнүн жүздөн ашуун жарандык жана кайрымдуулук уюмдары эл аралык каржы фонддорун коронавирус пандемиясына байланыштуу жакыр өлкөлөрдүн тышкы карыздарын кечүүгө чакырышты. «Оксфам» сыяктуу белгилүү уюмдар кол койгон бул кат 7-апрелде «Чоң жыйырмага» кирген мамлекеттерге, Эл аралык Валюта Фондуна (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банкка жөнөтүлдү.

Катта өнүгүп келе жаткан өлкөлөр бир эле учурда эпидемия менен да күрөшүп, экономикасы да чоң зыян тартып жатканы айтылат. Маалыматка ылайык, эгер 69 жакыр өлкө 2020-жылдагы тышкы карызды төлөө милдетинен бошонсо, 25 миллиард долларды сактап калышмакчы.

Мындай кайрылуу «Чоң жыйырманын» жумушчу тобу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү коронавируска каршы күрөштү талкууларда таратылды. Буга чейин ЭВФ жана Дүйнөлүк банк эң жакыр мамлекеттердин карыздарын убактылуу токтотоорун жарыялаган.

XS
SM
MD
LG