Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:27

Өзгөчө абалда дарыгердин укугун коргоочу мыйзам долбоору даярдалууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин өзгөчө абал учурундагы ишинин жол-жобосун аныктай турган мыйзам долбоору иштелип чыгууда. Бул тууралуу 7-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Министрдин айтымында, ал мыйзамда өзгөчө абал учурунда иштеген дарыгердин айлык акысы, эгер ооруну жугузуп алса же ошол илдеттен каза тапса төлөнө турган жөлөкпулдун өлчөмү жазылат. Мыйзам долбоорун парламент дароо үч окууда карап, кабыл алып бермей болду.

7-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 228 адамдан табылды, алардын 19у медицина кызматкерлери. (RK)

XS
SM
MD
LG