Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:30

«Азаттык» менен өнөктөштөрдүн иликтөөсү эл аралык абройлуу сыйлыкты жеңди


«Азаттык» (RFE/RL), OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» аттуу иликтөө эл аралык Том Реннер атындагы сыйлыкты жеңди.

Аталган иликтөө бир үй-бүлөгө таандык жүк ташуучу компаниянын Борбор Азиядагы көмүскө ишмердиги, кыргыз аткаминерлери менен байланышы, теги күмөндүү 100 миллиондогон долларды Кыргызстан аркылуу адалдап кеткени тууралуу.

Том Реннер сыйлыгы кылмыштуулуктун жана уюшма кылмыштуулуктун бетин ачкан журналисттик материал үчүн эл аралык «Иликтөөчү кабарчылар жана редакторлор» (IRE) уюму тарабынан ыйгарылып келет.

Мындан тышкары жеңүүчүлөрдүн катарында «Вашингтон пост» гезитинин Ооганстандагы согуш тарыхы жөнүндө, «Нью-Йорк таймс» гезитинин Сирияда бомбаланган ооруканалар тууралуу, HBO телеканалынын спорттук иликтөөсү жана башка редакциялар бар.

Жалпысынан 17 категорияга дүйнөнүн чар тарабынан 450дөн ашуун материал ат салышты.

Конкурстук комитеттин төрайымы Женнифер ЛаФлёр «бул жылкы эмгектер мекемелер жана адамдарды жоопкерчиликке тарта алган иликтөөлөрдүн жаркын үлгүсү» деп баа берип, иликтөөлөрдүн көпчүлүгүндө буга чейин кездешпеген инновациялык ыкма колдонулганын белгиледи.

Өткөн жылкы Том Реннер атындагы сыйлыкты «Йемендеги аскер кылмыштары жана коррупция» аттуу иликтөөсү үчүн «Associated Press» жана анын өнөктөштөрү жеңген. Ал эми Мьянмадагы рохинжа-мусулмандарынын кыргынга учураганын чагылдырган «Рейтердин» журналисттери атайын медалга татыган.​

IRE журналисттик иликтөөлөрдүн сапатын арттырыш үчүн 1979-жылдан бери өз сыйлыктарын тапшырып келет.

XS
SM
MD
LG