Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Жээнбеков: 7-апрель мамлекеттин башкаруу системасын өзгөртүүгө түрткү болгон (видео)


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жээнбеков апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кайрылуу таратты. Жээнбековдун кайрылуусу президенттин сайтында жарыяланды.

Мамлекет башчынын кайрылуусунда 2010-жылдагы 7-апрель Кыргызстандын тарыхындагы бурулуш мезгилдин башаты болгонун, окуянын саясий жана тарыхый мааниси чоң экенин эске салды. Жээнбеков 7-апрелде адилетсиз бийликке каршы туруп, атылган октон жалтанбаган каармандар өз өмүрүн өлкө келечегине арнаганын белгиледи.

Президент апрель революциясы мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүүгө түркү болгонун айтып, «парламенттик демократияны бекемдейбиз» деди.

«Парламенттик демократияны орнотуш үчүн чечкиндүү кадамдар жасалды. Бул иш-аракеттерди мындан ары да бекемдейбиз. Сөз эркиндигинин мааниси артты. Жарандык коомдун мамлекеттик турмуштагы ролу жогорулады. Бирок, тилекке каршы, революциянын максаттары, талаптары ишке толук ашпай калган. Аларды азыр жүрүп жаткан реформалардын артыкчылыктуу багыттары катары аныктап, турмушка ашырууну көздөп жатабыз», деп жазылат кайрылууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков 7-апрель жыл сайын салтанатуу белгилене турган дата экенине токтолуп, быйыл 10 жылдыгына арналган бир нече иш-чара белгиленгенин маалымдады. Бирок коронавируска каршы чаралардын кесепетинен жалпы элдик иш-чаралар өткөрүлбөй калганын билдирди.

Президент ошондой эле бийлик жугуштуу илдетке каршы тийиштүү бардык чараларды көрүп жатканын белгилеп, «кыйынчылыктарды биримдик менен жеңебиз» деди.

Быйыл 7-апрель окуяларына 10 жыл болот. Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы көтөрүлүштө 100гө жакын киши окко учкан. 100дөн ашуун адам жарадар болгон. Бийликтен кулатылган президент үй-бүлөсү, жакындары менен Беларустан башпаанек тапкан. Кыргызстанда 7-апрель «мамлекеттик майрам жана дем алыш» деп жарыяланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG