Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:20

Коопсуздук кеңеши: Өмүрбекова менен Чолпонбаев бир катар каталарга жол берген


Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы 1-апрелде кызматтан кеткен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өлкөдө коронавирустун жайылышына каршы күрөштө бир катар кемчиликтерди кетиргенин белгилеп, алардын штаб түзүлгөндөн берки ишмердүүлүгүн сындаган кенен түшүндүрмө таратты.

Коопсуздук кеңешинин билдирүүсү боюнча, 27-январдан 31-мартка чейин беш ирет отурум өткөрүлүп, коронавирустун өлкө аймагына киришинин алдын алуу боюнча чечимдер кабыл алынып, республикалык штаб түзүлгөн. Коопсуздук кеңеши штаб жугуштуу илдетти өлкө аймагына киргизбөөгө жана анын жайылышына каршы чараларды өз убагында көргөн эмес деп эсептейт.

Мындан тышкары Коопсуздук кеңеши коронавирустук инфекция республиканын аймагында каттала элек учурда Республикалык штабга жана Саламаттык сактоо министрлигине чек арадагы чаралардан баштап, түшүндүрүү иштери, дарыгерлерди медициналык каражаттар менен камсыз кылуу сыяктуу бир топ сунуштар берилгенин белгилейт.

Коопсуздук кеңешинин жыйындарында ишке тартылган бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине сунушталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал үчүн жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы жөнүндө бир нече ирет эскертилген.

«Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова жетектеген республикалык штабдын ишмердиги тийиштүү деңгээлде уюштурулбаганы үчүн зарыл болгон чечимдер өз убагында кабыл алынган эмес, - деп билдирет Коопсуздук кеңеши. - Саламаттык сактоо министри Чолпонбаев өзүнө коюлган кызматтык милдеттенмелерине жоопкерчиликсиз мамиле кылганы үчүн улам бир катар ири катачыларга жол берилип, мунун натыйжасында коронавирустук инфекцияга кабылган адамдар өз убагында аныкталбай, толук айыкканга чейин обсервацияга жаткырылган эмес».

Коопсуздук кеңеши өз түшүндүрмөсүнүн аягында жогоруда көрсөтүлгөн фактылар Кыргызстандын эпидемиологиялык абалына терс таасир тийгизип, оору жуккан жарандардын көбөйүшүнө алып келди деп жыйынтык чыгарган. Коопсуздук кеңешинин түшүндүрмөсүн бул жактан окуңуз.

1-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Алтынай Өмүрбекованы, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди иштен алган. Коопсуздук кеңеши 31-марттагы отурумунда «коронавирустун алдын алуу боюнча жетиштүү иш жүргүзө алган жок» деп, аларга чара көрүүнү премьер-министрге сунуш кылган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул эки жетекчи өз арызы менен жумуштан кеткенин билдирген.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш вице-премьерликке Аида Исмаилованын, ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин башына Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин бекиткен.

XS
SM
MD
LG