Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

ЖАМК: Абактарда абал туруктуу, коронавирус катталган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын абак мекемелеринде азыр абал туруктуу, камалгандар арасында "коронавирус жуктурду" деп шектелгендер жок. Бул тууралуу 2-апрелде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, абак кызматкерлери беткап менен камсыз болгон, имараттарды дезинфекциялоо иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Медициналык жайларда жана ооруканаларда обсервация бөлмөлөрү даярдалган, № 47 колонияда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат коюлган.

ЖАМК белгилегендей, "Жөтөлгө каршы, дененин температурасын төмөндөтүүчү дары-дармек, витамин жетиштүү".

Эл аралык уюмдардан коргонуучу кийимдер, антисептик жана башка медицина каражаттары гуманитардык жардам иретинде өткөрүлүп берилген.

Ал эми мунапыс маселеси тууралуу мекеме "Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата мунапыстын долбоору Жогорку Кеңеште каралып жатат" деп билдирди.

23-мартта «Кыйноого каршы коалиция» уюму коронавируска байланыштуу кыргыз өкмөтүнө кайрылып, абактагыларга көңүл бурууга чакырган. «Абакта кармоонун начар шарттары жана ыкчам медициналык тейлөө кызматынын жоктугу» ал жактагы адамдардын жана кызматкерлердин ден соолугу үчүн «катастрофалык кесепетке» алып келиши ыктымал экендиги айтылган.
Ошондуктан коркунучу аздарды, шарттуу түрдө бошотсо боло тургандарды абактан мөөнөтүнөн мурда чыгаруу керек экендиги белгиленген.

Жалпысынан Кыргызстандын абактарында тогуз миңдей соттолгон адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аял.

2-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктурган 116 адам катталды, алардын үчөө айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG