Садык Шер-Нияз: Биз ачык-айкын маалымат деген абдан жакшы пунктту эмне алып салып жатабыз. Эмне үчүн эркин басылмалардын журналисттери бул тизмеге кирбей калган. Эмнеге мамлекеттик маалымат кызматтары гана кирип жатат. Бүткүл дүйнө жүзү ачык маалымат болгону үчүн күрөшүп жатат да. Эмнеге дүйнө жүзүндө иштеген тажрыйба бизде иштебей жатат?
Эркин Асрандиев: Азыр комендантура менен бул маселени карап атат.
Садык Шер-Нияз: Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кармалып атып араң келди. Силер ЖКнын депутаттарын чектеп жатсаңар, журналисттерди жөн эле чектейсиңер да.
Алтынбек Сулайманов: 15 күн ичинде ар бир жаранды тактап, калгандарга эркиндик бериши керек. Өкмөт элди бага албайт. Бир ай чыдайт. Созулганга мүмкүнчүлүк жок. Ар бирин тактагыла. Тесттерди алып келип, менчик медициналык ооруканаларга уруксат бергиле.
Наталья Никитенко: Орусия менен Казакстандын чек арасындагы жарандар бир нече күндөн бери турат. Чартердик рейс уюштурууга аэропорт жок экен. Өкмөт буга көңүл бурушу керек. Алардын акчасы түгөндү. Кыйналып атышат.