Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө

Жогорку Кеңеште эпидемиологиялык абалга байланыштуу экономика, коопсуздук ж.б. маселелерди карады. Бул күнү парламент вице-премьер-министрликке жана Саламаттык сактоо министрилигинин башына сунушталгандардын талапкерлигин карай турган болду.

Умбетали Кыдыралиев: Доллардын баасы мурда болуп көрбөгөндөн көтөрүлдү. Улуттук валютанын баасы дагы түшөт. Ошонү түшүрбөгөнгө аракет кылышыбыз керек.

Бакыт Төрөбаев: Кыргызстанда ундун баасын, сапатын ишкерлер көзөмөлдөбөйт. Анткени ЕАЭБге киргенден кийин базардын баарын аткезчилер ээлеп алган. Ушул кырдаалдан баштап өкмөт ата мекендик өндүрүштү колго алышы керек. Бул жерде терең анализ керек. Ошол эле аткезчилер кампага бекитип коюп, ундун баасын көтөрдү. Азыр сиз 10 тегирмен иштеп атат дедиңиз. Мурда 65 тегирмен бар болчу. 25 миңге жакын жумуш оруну жок болду.

Акылбек Жапаров: Коронавирус деген коронакризистин башталышы болуп атат. Эгер дагы эки айга созула турган болсо айлык бере турган оюңар барбы? Экономиканын колу-бутунун баарын тушап салдык.

Жанарбек Акаев: Журналисттердин иштешине уруксат берилиши керек

Өзгөчө абал шартында Кыргызстанда эркин маалымат каражаттарынын журналисттерине иштөөгө уруксат берилбей жатат. Бул тууралуу парламенттин депутаты Жанарбек Акаев 1-апрелдеги жыйында билдирди. Анын айтымында, өкмөт, Бишкек шаарынын комендатурасы эркин, абройлуу маалымат каражаттарынын белгилүү сандагы журналисттеринин иштешине уруксат бериши керек.

«Эгер журналисттер ишенимдүү, такталган маалыматтарды берип турбаса калкыбыз ар түркүн фейк жаңылыктарга ишенип алат. Ошондуктан өкмөт мындай кырдаалда жарандарыбызга чындыктын жеткирилишине кызыкчылыгы болушу керек», - деди Акаев.

Бишкек баштаган бир катар аймактарда өзгөчө абал жарыяланганына байланыштуу чектөөлөр киргизилип, иштер атайын уруксат кагаздарынын негизинде жүргүзүлүп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG