Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:41

38,5 млн. сом дарыгерлерге кошумча төлөнүп берилет


Жалал-Абаддагы дарыгерлер. 26-март, 2020-жыл.
Жалал-Абаддагы дарыгерлер. 26-март, 2020-жыл.

Коронавируска каршы күрөш эсебине түшкөн каражаттын бир бөлүгү медицина кызматкерлерине кошумча айлык акы катары төлөнүп берилет. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Маалыматта айтылгандай, мындай чечимди коронавируска каршы күрөшүү чараларына жумшалуучу акча каражаттарын бөлүштүрүү комиссиясы 31-мартта кабыл алды.

31-мартка карата депозиттик эсепке 61 239 736 сом түшкөн. Анын ичинен 38 559 307 сом илдеттин очогунда иштеп жаткан дарыгерлерге берилет.

Өкмөттүн 28-марттагы токтому менен Саламаттык сактоо министрлиги үчүн депозиттик эсеп ачылган.

31-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан 13 жаңы учур катталып, жалпы илдетти жугузуп алгандардын саны 107 кишиге жетти. Үч киши айыгып чыкты.

25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда чукул абал киргизилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG