Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев учурдагы шартта ишкерлерге башка өлкөлөр сыяктуу финансылык колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөт башчы кризиске каршы чаралар боюнча кеңешмеде айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Кеңешмеде Абылгазиев дүйнөдө коронавирус пандемиясынын жайылышынан өлкө экономикасы оор кырдаалда турганын эске салды.
«Биз бизнести колдош үчүн бардык мүмкүнчүлүктү максималдуу түрдө пайдаланабыз. Тилекке каршы, бизде башка өлкөлөр сыяктуу финансылык жактан колдоо боюнча мүмкүнчүлүк жок. Бирок биз тараптан өзгөчө абал тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин бизнеске, жеке ишкерлерге жана жарандарга каржылык жана салыктык жеңилдиктер аркылуу максималдуу түрдө жардам берилет», деди премьер-министр.
Мындан сырткары Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө бюджетине 28 миллиард сом түшпөй калышы мүмкүн экенин белгилеп, учурда башка өнөктөштөр менен каржылык жардам алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады.
Өкмөт башчы жарандардын саламаттыгы, коопсуздук, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана санариптештирүү багыттарынан башка иштерге мамлекеттик сатып алуу убактылуу чектелерин жарыялады.
Кыргызстанда 31-мартка карата коронавирус жуккан 107 адам аныкталды, алардын үчөө айыгып чыкты.
Пандемиядан улам өлкө экономикасына тийген терс таасирди азайтыш үчүн президент Сооронбай Жээнбеков бир нече эл аралык каржы институтуна кайрылган. Анын ичинен Эл аралык Валюта Фонду 120 миллион доллар насыя берүүгө макул болгон. (BkA)