Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Өкмөт: Азык-түлүк жана дары-дармек тартыш эмес


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда азык-түлүк жана дары-дармек жетишсиз деп тынчсызданууга негиз жок. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 31-мартта тараткан маалыматка ылайык коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалдын экономикалык жана социалдык туруктуулукка тийгизген терс таасирин төмөндөтүү боюнча бекитилген пландардын жыйынтыгы тууралуу кеңешме өттү.

Анда өкмөт башчы бүгүнкү күндөгү жагдай жылдап топтолгон маселелерди ыкчам чечүүнү талап кылып жатканын айтты. Ошону менен катар кооптонууга себеп жок экенин кошумчалады:

«Чек аралар ачык, жүк жана товар адаттагыдай тартипте ташылууда. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 10 миң тонна ун бөлүнмөк болду, анын 5 миң тоннасы калктын аялуу катмарын колдоого багытталат. Жакынкы күндөрү өкмөт ишкер чөйрө жана ыктыярчылар менен бирге муктаждарга даректүү жардам берүү боюнча масштабдуу иштерди жайылта баштайт».

Коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, машине да жүрбөшү керек. (RK)

XS
SM
MD
LG