Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:30

УКМК жалган маалымат таратты деген аялды кармады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

50 жаштагы Татьяна Шагеева соцтармактарда жалган маалымат таратканы үчүн кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, ал 29-март күнү Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылынан 50гө жакын адам коронавируска шектелип, ооруканага жеткирилгенин жазган.

Шагеева 30-март күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, ал жерде туура эмес маалымат таратып, коомчулукка дүрбөлөң салганы үчүн элден кечирим сурады. Шагеева жосуну үчүн мыйзам чегинде жооп берет.

УКМК коронавирус тууралуу жалган жана дүрбөлөңгө алып келүүчү, өлкөдөгү коомдук-саясий, эпидемиологиялык кырдаалды олку-солку кылуучу маалыматтарды тараткан жарандарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кабарлады. Ага ылайык, жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG