Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

ИИМ: Өзгөчө абал убагында журналисттерге аккредитация берилбейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал убагында журналисттердин көчөгө чыгып иштешине уруксат берилбейт. Бул тууралуу 30-мартта ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, мындай чектөөгө соңку абал боюнча жүргүзүлгөн талдоо себеп болду.

Комендант журналисттерге кайрылып: «Биз кырдаалды талдап чыктык. Журналисттердин өздөрүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн аларга аккредитация бере албайбыз. Бул, биринчи кезекте, сиздердин ден соолугуңуздардын коопсуздугу үчүн керек», - деди.

25-мартта Орозалиев журналисттерге чектөө болбой турганын айткан. Ал «мен билгенден журналисттер топтошуп иштебейт. Андыктан коркунучтуу эмес» деген.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Түнкүсүн көчөгө адам да, машина да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө тыюу салынган.

30-марттын таңына карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 84 адам бойдон турат. (RK)

XS
SM
MD
LG