Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:40

Муфтият коронавируска байланыштуу тажия шарттарын түшүндүрдү


Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин чечимине ылайык, Мусулмандар дин башкармалыгы коронавирус илдетинен кайтыш болгон адамды акыркы сапарга узатуу боюнча фатва чыгарды.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы дүйнөнү каптаган COVID-19 илдетинен сактанууга байланыштуу коронавирус оорусунан көз жумган маркумду жууп, кепиндөө жана жерге берүүдө эрежелерди карманууга чакырат. Муфтият мындай учурда шарият төмөндөгүдөй көрсөтмө берээрин жарыялады.

- Илдет жугуштуу учурда жаназа намазын мүмкүн болушунча аз киши окуганы абзел;

- Намазга катышуучулардын ортосунда (дарыгерлер айткандай) белгилүү аралык сакталууга тийиш;

- Мындай учурда бир нече маркумдун сөөгү даяр болсо, баарына бир жаназа окуу жетиштүү болот;

- Илдеттин башка кишилерге таралышы жогору болсо маркумдун жаназасын, кабырынын башында кыбылага беттенип окууга да болот;

Ал эми маркумду сууга алуу жана кепиндөө боюнча:

- Белгилүү аралыктан суу куюп же болбосо суу чачып сөөктү жууганга болот.

- Эгер дарыгерлер коронавирус оорусунан көз жумган адамды жууп, атайын вирустан корголуучу материалдар менен ороп берген болсо, аны кайра ачып жууп, кепинге ороонун кереги жок.

- Маркумду жууган учурда илдет жуктуруп алуу коркунучу жогору болсо адистердин көрсөтмөсүнүн негизинде коргонуучу кийимдерди кийиши керек.

- Сөөктү шариятка ылайык казылган көрүстөнгө кепин менен көмүү кооптуу болсо, атайын табытка салынат.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кайтыш болгон адамды бардык коопсуздук чараларын сактап, колдон келишинче шариятка ылайык жерге берүү керек экенин белгилейт. Бирок Дин башкармалыгы сөөктү өрттөп же кислота сыяктуу химиялык каражаттарды колдонуп көмүүгө шариятта уруксат берилбей турганын билдирди. Муфтияттын сөөктү жерге берүү боюнча эрежесин толук бул жерден окуңуз.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жогорудагы эрежелер Саламаттык сактоо министрлигинин сунушу менен шариятка шайкеш иштелип чыкканын белгилейт. Министрликтин сунушунда коронавирустан каза болгондордун сөөгү белгилүү бир талаптар менен жерге берилбесе, башка кишилерге жугуштуу экени айтылган.

XS
SM
MD
LG