Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Депутаттарга айлык төлөбөй, шайлоону келерки жылга калтыруу жөнүндө сунуш киргизилди


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев быйыл Кыргызстанда пландалган жергиликтүү кеңештердин жана парламенттин депутаттарын шайлоо өнөктүктөрүн токтотуп, келерки жылы чогуу өткөрүш керек деп эсептейт. Депутат 27-мартта социалдык түйүндөр аркылуу президентке жана парламент төрагасына кайрылды.

Ал Жогорку Кеңешти жыйынга чогулуп, ушул сунушту талкуулоого чакырды жана «ошентсек 1 миллиард сом үнөмдөп кала алабыз» деп билдирди.

Ошону менен катар Бекешев быйыл октябрь айынан тартып парламенттин депутаттарына айлык төлөбөй, сый акы жана квартал сайын берилип туруучу акчаны да токтотууну сунуш кылды. Ал чукул бюджет тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгыш үчүн комитет түзүш керек экенин айтты.

Беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо 12-апрелде болмок. Балыкчы, Каракол, Майлуу-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышары кабарланган. Бирок коронавируска байланыштуу абалдан улам бул өнөктүк президенттин жарлыгы менен убактылуу токтотулган.

Ал эми парламенттик кезектеги шайлоо 4-октябрга пландалган.

26-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 44 киши катталды, алардын алтоо реанимацияда.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

20-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө экономикасындагы абалды оор деп баалап, быйыл казынага 450 млн. доллар түшпөй калышы мүмкүн экенин айткан.

Депутаттын сунушуна президенттик аппараттан жана парламент жетекчилигинен жооп боло элек.

Жогорку Кеңеш «коронавируска каршы туруу жөнүндө эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз» деп 15-апрелге чейин тарап кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG