Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

ЭВФ Кыргызстанга 120 миллион доллар бөлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) COVID-19 вирусуна каршы күрөш жана бюджеттеги тартыштыкты жоюш үчүн Кыргызстанга 120,9 миллион доллар бермей болду. Уюмдун Вашингтондогу жетекчилиги 26-мартта ушундай чечим кабыл алды.

Пандемиянын айынан Кыргызстандын макроэкономикасы жана каржы саясаты катуу жабыркап, 400 миллион долларлык чыгымга учуроодо.

Уюмдун башкаруучу директору Кристалина Георгиевна: «COVID-19 пандемиясы кыргыз экономикасына катуу сокку уруп, шашылыш төлөй турган тармактарда акча тартыштыгы келип чыкты. Иштеп жаткан бардык тармактар вирустун айынан токтоп калды. Ушундан улам ЭВФ шашылыш насыя бөлүүнүдө», - деген билдирүү таратты.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус пандемиясы өлкө экономикасына терс таасир тийгизип жатканын айтып, ЭВФ баштаган бир катар эл аралык институттардан жардам сураган. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин маалыматы боюнча, быйыл өлкө бюджетине 28 миллиард сом түшпөй калуу коркунучу бар. (BCh\BkA)

XS
SM
MD
LG