Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Комендант: журналисттердин ишине чектөө жок  


Бишкек шаарынын коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев өзгөчө абал режиминде журналисттердин иштешине эч кандай чектөө жок экенин маалымдады. Ал кабарчыларды аккредитациядан өткөрүү маселесин республикалык штаб менен сүйлөшүп жатканын билдирди.

«Мен шаардын коменданты катары айтам: журналисттердин ишине эч кандай чектөө жок. Штаб менен сүйлөшүп, канча журналистке беребиз, аккредитациядан кандай өткөрүү боюнча билдиребиз. Мен билгенден журналисттер топтошуп иштебейт. Андыктан коркунучтуу эмес», - деди Орозалиев.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

25-мартта өлкө боюнча COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 44 киши болду. Алардын 20сы Ош, 19у Жалал-Абад облусунда, үчөө Бишкек шаарында, бирөө Чүй, дагы бирөө Баткен облусунда катталды. (TSh)

XS
SM
MD
LG