Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:36

COVID-19: 24-мартка карата атайын эсепке 11 млн. 300 миң сом түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы министрлиги өкмөттүн буйругуна ылайык, коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу иштерине акча каражатын которуш үчүн атайын эсеп ачкан. 24-марттагы маалымат боюнча ал эсепке 11 млн. 300 миң сом түштү. Учурда ал каражаттын бир да тыйыны коротула элек. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Каражатты кимдер которгону жөнүндө айтылган жок. Чогулган каражатты натыйжалуу колдонуу, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында комиссия түзүлөт. Ага парламент депутаттары, жарандык активисттер, коомдук ишмерлер кирет.

XS
SM
MD
LG