Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон ошол кездеги оппозиция өкүлдөрү мурдагы президент Аскар Акаевдин бийлигине каршы нааразылык акцияларына чыгып, жер-жерлердеги жергиликтүү бийликти басып алган азыркы саясатчылардын, бийликтин жана бейформал күчтөрдүн ортосундагы коомчулуктан көмүскө жүргөн сүйлөшүүлөр менен соодалашуулардын жыйынтыгы эмнеге алып келген?
Сүйлөшүүлөрдү бийликтин атынан кимдер жүргүзүп, кимдер ортомчулук кылып, кийин ал сүйлөшүүлөр эмнеге үзгүлтүккө учурап, тараптар күч колдонууга өткөнүнүн себептери тар саясий чөйрөдө гана айтылып келген.
Бийлик кулагандан кийинки саясий топтор ортосундагы таасир талаш, саясий оюндар жана мыйзамдык тартипти калыбына келтирүү үчүн ыңкылаптын талаптарын курмандыкка чалган өз ара келишүүнүн кесепеттери кандай болгон?
Кыргызстандын соңку тарыхында «Жоогазын ыңкылабы» деген ат менен белгилүү 2005-жылы март айындагы бийлик алмашууга алып келген окуялар эмнеден башталганы жана андагы айрым бир көмүскө жагдайлар саясаттагы тар чөйрөдө гана айтылып, жалпы коомчулукка анча белгисиз болуп келген.
Жалал-Абаддагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына макул болбогон депутаттыкка талапкерлер Бектур Асановдун, Жусупжан Жээнбековдун, Жусуп Бакиевдин жана Курманбек Бакиевдин тарапташтары облустук акимчиликтин алдына митингге чыккан.
Ага чейин Бишкекте жана башка аймактарда Роза Отунбаева, Дооронбек Садырбаев, Акылбек Жапаров, Арсланбек Малиев, Садыр Жапаров жана Равшан Жээнбеков сыяктуу саясатчылардын колдоочулары «Алга Кыргызстан» партиясы сүрөгөн талапкерлердин пайдасы үчүн добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын айтып, нааразылык акцияларын уюштурушкан.
2005-жылы 4-мартта митингчилер Жалал-Абад облустук акимчилигин ээлеп алышкан. Ал эми 15-мартта Жалал-Абадда оппозициялык күчтөрдүн биринчи курултайы өтүп, Жусупжан Жээнбеков элдик кеңештин төрагалыгына көрсөтүлгөн.
Курултайда «Кыргызстан элдик кыймылы» Курманбек Бакиевди оппозициянын лидери деп жарыялаган. 2004-жылы күзүндө негизделген бул кыймылга Үсөн Сыдыков, Азимбек Беканазаров, Ишенгүл Болжурова, Досбол Нур уулу жана Исмаил Исаков сыяктуу саясатчылар кирген.
Жалал-Абаддан башталган чечүүчү бурулуш жана «караларды» жалдаган бийлик
Жалал-Абаддагы нааразылык акциясын уюштуруучулардын бири Медер Үсөнов бийлик сүйлөшүүлөргө чыкпай, эл облустук акимчиликти басып алган учурду эскерди:
«Шайлоодогу нааразылык топтолуп келип отуруп, анын жеткен чеги добуш берүүнүн экинчи айлампасы өткөн убакка туура келип калды. 2005-жылы 4-мартта Кыргызстанда эл биринчи жолу Жалал-Абад облустук акимчилигин басып алган. 20-мартта таңкы саат төрт чамасында акимчиликтин ичинде отурган куралсыз элге атайын даярдыктагы аскерлер тобу кол салып, уруп-согуп, аларды кармап, колу-бутун бурап, тышка сүрүп чыгарган. Ошол түнү акимчиликтин имаратында болгону 180 адам, сыртында болсо 300-400 киши болгон. Алардын көпчүлүгү кыз-келиндер, аксакалдар, байбичелер жана жаш жигиттер болчу. Бардыгыбызды кармап, Майлы-Сууга, Базар-Коргонго бөлүп-бөлүп алып барып, ал жактагы ички иштер бөлүмдөрүндө аябай сабашкан. Баарына оор беренелер боюнча кылмыш иштерин козгошкон».
Ал эми бийлик менен оппозициянын ортосунда сүйлөшүүлөр улам-улам жүрүп жаткан кезде, 2005-жылы 19-марттан 20-мартка караган түнү Бишкектен барган тиешелүү күч түзүмдөрүнө караштуу атайын даярдыктагы топтор митингчилер ээлеген Ош облустук акимчилигин да күч менен бошотуу боюнча атайын операцияны ишке ашырган. Ал кезде Ош облустук ички иштер башкармалыгын Алмабек Байтиков жетектеп турган. Ал аталган операцияны жыйынтыктап журналисттерге жыйын өткөрүп, имарат уюшкан кылмыштуу топтордон бошотулганын жана мыйзамдуу бийлик толук калыбына келтирилгенин жарыялаган жайы бар. Бирок кийин мезгилдүү басма сөзгө аталган операцияны ошол кездеги Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкулов менен Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Калмурат Садиев баш болгон бир топ генералдар жетектегени белгиленген.
Медер Үсөнов облустук акимчилик бошотулуп, андагылар кармалган соң тергөөчүлөр аны митингдин анабашы катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн колуна салып берген жагдай тууралуу айтып берди:
«Менин аябай ачуум келгени - бизди кармап сурак жүрүп жаткан мезгилде, тергөө органы мени Бишкектен келген кандайдыр бир кылмыштуу топтун колуна салып бергени болду. Алар мени токмоктоп, аябай сабап, «сени үй-бүлөң менен кошо жок кылабыз, баарын уюштурган сен экенсиң» деп коркутушкан. Алар мени «сени Айдар Акаевге алып барабыз, бизге ошондой тапшырма берилди» дешкен. Алар мени эки-үч сааттай аябай кыйнап, автоунаа менен алып жөнөшкөн болчу. Анан эле эмне болду, кандай нерсе таасир эткенин билбейм, бир убакта өз ара сыртка сүйлөшүп келип, мени Өзгөнгө жеткенде кайра бошотуп жиберишти».
"Азаттыктын" архиви: Өлкөнү өзгөрткөн түн. 2018-жыл.
«Ордонун оюну» Оштон бузулганда
Аймактардагы жергиликтүү бийликтин имараттарын басып алып, элдик курултайларда элдик кеңештерди түзүү аркылуу альтернативдүү башкаруу түзүмдөрүн уюштуруу ошол кездеги оппозициялык күчтөрдүн бийликке каршы негизги чарасы болгону белгилүү. Жалал-Абаддагы окуядан көп өтпөй, 2005-жылы 9-мартта Кара-Кулжа шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Дүйшөнкул Чотоновдун тарапташтары Ош облустук акимчилигинин алдына мөөнөтсүз митингге чыккан. Ага кийин Кара-Суу районундагы шайлоо округдарынан депутаттыкка өтпөй калган башка бир талапкерлер - Анвар Артыков менен Арапбай Төлөновдун тарапташтары да аталган каршылык акциясына келип кошулган. Тогуз күн бою нааразылык акциясында турган митингчилер 18-март күнү Ош облустук акимчилигин ээлеп алышкан. Шайлоодон утуп чыгып, каршылык акциясына эч кандай катышы жок ошол кездеги депутат, маркум Баяман Эркинбаев ал кезде Оштогу митингчилердин тамак-ашына каралашып жатканы тууралуу маалыматтар чыккан. Бирок ал кайсы бир оппозициялык топко кирген эмес.
Ошол эле кезде оппозициянын экинчи жарымын түзгөн «Ата-Журт» кыймылынын демилгеси менен 2005-жылы 19-мартта Ош шаарында оппозициялык күчтөрдүн экинчи курултайы болгон. Ага Курманбек Бакиев баш болгон «Кыргызстан элдик кыймылынын» лидерлери да катышкан. Анда саясатчы Адахан Мадумаров да сөз сүйлөп, оппозиция бир муштумга бириге турган кез келгенин айткан.
Оштогу нааразылык акцияларынын катышуучусу Керимберди Макеев Муратбек Малабаев менен Ташкул Керексизов сыяктуу бийлик өкүлдөрү акимчилик эбак ээленип, митинг күчөгөн мезгилде гана сүйлөшүүгө келип, шарттарын койгон учурду белгиледи:
«Ошто саясий чыңалуу күчөп кеткен. Шаардын борбордук аянтында митингчилер тарабай, боз үйлөрдү тигип алып, ошол жакта түнөп калып жатышты. Анан чыдамы түгөнүп, бийлик укпай койгон жагдайда адамдар милиция кызматкерлери менен кагылышып, тосмону бузуп өтүп, акимчиликтин имаратына кирип барып, ээлеп отуруп алышты. Ошол кезде тамак-аштан каржалып турган элди Баяман Эркинбаев колдоп турду. Ал өзү шайлоодон утуп чыкса да, анын ошол кездеги бийлик менен эч кандай талаш-тартышы болбосо да «митингге нааразы болуп чыккан элди көрүп, ушунча күндөн бери аны укпаган бийликти көрүп, карап тура албадым» деп, башкалар калтырап турганда, бийликтен коркпой элге оокат-аш жагынан жардам бергени эсибизде. Анан ошондой учурда элдин башында турган Дүйшөнкул Чотонов менен Баяман Эркинбаевге бийликтин атынан Муратбек Малабаев, Калык Иманкулов жана Ташкул Керексизов келип сүйлөшүү жүргүзгөн. Бирок алар «эгерде митингдеги элди таратсаңар кызматка барасыңар, болбосо камаласыңар» деп бирде соодалашып, бирде коркутуп-үркүткөн шарттарды коюшкан. Бул үчүн алар абдан чоң акча да сунуш кылышкан экен. Бирок Дүйшөнкул Чотонов менен Баяман Эркинбаев алардын мындай сунуштарын четке каккан. Бизде митингде турган элде бир гана «үй-бүлөлүк, кландык бийлик кетиш керек» деген талап болгон. Митингдин башында тургандар элдин башын аттап, бийликтин сунушун кабыл ала алмак эмес. Ошондуктан сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган».
«Кыргызстан элдик кыймылы» менен «Ата-Журт» саясий кыймылы Ош менен Жалал-Абадда «Акаев кетсин» деген ураан көтөрүп чыкканы менен эки саясий кыймылдын ортосундагы айрым бир пикир келишпестиктер чечилбей кала берген. Ал талаш - бириккен оппозицияга ким лидер болуп, кийинки шайлоодо президенттикке ким бирдиктүү талапкер катары чыгат деген маселе болчу.
2004-жылы күзүндө парламенттик шайлоонун алдында дипломат Роза Отунбаева Кыргызстанга кайтып келип, ошол кездеги парламент депутаты Дооронбек Садырбаев менен бирге «Ата-Журт» оппозициялык кыймылын түзгөн. Бул кыймылга Өмүрбек Текебаев, Ишенбай Кадырбеков, Адахан Мадумаров, Муратбек Мукашев, Дүйшөнкул Чотонов жана Анвар Артыков өңдүү саясатчылар кирген. Роза Отунбаева Бишкекте Бермет Акаева талапкерлигин койгон шайлоо округунан ат салышарын жарыялап, бирок аны БШК каттабай койгон.
Кийин Роза Отунбаева Оштогу жана Жалал-Абаддагы каршылык акцияларына байма-бай барып, андагы митингдерде Акаевдин бийлигине каршы сөз сүйлөп, топтолгон элди колдоп турган.
Оштогу оппозициянын 19-марттагы курултайында элдик кеңештин төрагасы болуп шайланган Анвар Артыков, анын орун басары Мурадил Бакашев жана саясатчы Дүйшөнкул Чотонов анын эртеси, тагыраагы 20-март күнү таңга маал камакка алынган. Ыңкылаптын башчылары жана алар менен бирге камалгандар ошол эле күнү кечинде кайра бошотулган. Анткени жалпы өлкөдөгү кырдаал өзгөрө баштаган.
Анвар Артыков 24-марттан кийин Ош облусунун губернатору болуп дайындалган.
Элдик кеңештердин эпкини
Учурда КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков 2005-жылы 24-мартка чейин эле Оштогу жергиликтүү бийлик элдик кеңештин көзөмөлүнө өтүп, борбордук бийликке баш ийбей калган жагдай тууралуу айтып берди:
«2005-жылы марттагы митингдердин бир өзгөчөлүгү - биз элге барып, аларды аябай үгүттөп, акча берип алып келген эмеспиз. Анда биздин шайлоочулар же башка эле ошол шайлоону шылтоо кылып, нааразылык акциясына келип кошулгандар адилеттик издеп келишкен. Анткени шайлоодо бийлик элди «кимсиң» дебей, добуш берүүнүн жыйынтыгын каалагандай чыгарды. Ошондо адамдардын чыдамы жетпей калды. Дүйшөнкул Чотонов экөөбүз биригип, каршылык акцияларын уюштурдук. Анан 20 миңден ашуун адам катышкан элдик курултай өткөргөндө бийлик аябай катуу коркуп кетти. Ошол күнү кечинде имаратта отургандарды күч менен уруп-согуп, бийлик элдин кыжырына катуу тийип алды. Андан соң бул окуялар ыңкылапка алып келди. Биз ошол кезде иш жүзүндө бийликти элдин колуна алып бергенбиз. Борбордук бийликти тааныбай, ага баш ийген Оштогу бардык жергиликтүү жетекчилерди алмаштырганбыз. Кээ бирлери бизге өздөрү өтүшкөн. Бул элдин бийлигин чынында элге алып берген уникалдуу көрүнүш болгон. Митингде турган элди колдоодо Баяман Эркинбаевдин эмгеги зор болду».
«Бийликтин сыры оппозицияга белгилүү»
Күч түзүмдөрү Жалал-Абад облустук акимчилигин 20-март күнү таңга маал бошотуп, андагы бир топ адамды камакка алганы менен түшкө жетпей топтолгон жүздөгөн митингчилер облустук акимчиликти, ички иштер башкармалыгын жана улуттук коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгын кайра басып алган. Ал эми 21-март күнү Ош облустук акимчилиги жана Оштогу күч түзүмдөрү толугу менен ыңкылапчылардын колуна өткөн. Жалал-Абаддагы каршылык акциясынын лидерлеринин бири, экс-депутат Бектур Асанов күч түзүмдөрүнүн планы аларга белгилүү болгондуктан алдын-ала чараларды көрүүгө мүмкүн болгон жагдайга токтолду:
«Өзгөчө жергиликтүү милиция менен атайын кызматтын офицерлери толугу менен бизге иштеген. Себеби, алар да үй-бүлөлүк бийликтен тажап калышкан экен. Ошондуктан алар бийликтин ичинде эмне болуп жатканы тууралуу чыныгы маалыматтарды бизге берип турушкан. Биз бийлик менен тирешип турган соңку бир ай, бир жарым айда ошондой болду. Биз облустук акимчиликти ээлеп турганда да бизге 19-марттан 20-мартка караганда, түнкү саат үчтө кол салуу боло турганы боюнча маалымат келип түшкөн. Имараттын ичинде аз эле адам калган. Биздин жигиттер атайын сыртта калып, алдын-ала чара көрүп, элге өз учурунда кабар берүүгө жана чогултуп туруп, имаратта калгандарды алар кармап кеткен кезде кайра барып бошотуп алганга мүмкүнчүлүк болду. Биз түшкө жетпей облустук акимчиликти кайрадан колубузга алып, облустук милиция менен улуттук коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгын толук көзөмөлгө алган элек».
«Баяман баатыр баяны»: эки ача пикир
Буга чейин митингчилерди тымызын колдоп келгени айтылган ошол кездеги депутат, маркум Баяман Эркинбаев 21-мартта биринчи жолу ачыкка чыгып, эл тарапта экенин жарыялаган. Андан ары Ош менен Жалал-Абаддан жаш жигиттер Бишкекти көздөй жөнөтүлө баштаган. Ошондо Баяман Эркинбаев масштабдуу каршылык акцияларынын каржылык демөөрчүсү гана эмес, көтөрүлүшчүлөрдүн жолбашчысы катары сыпаттала баштаган.
Саясатчы Бектур Асанов маркум Баяман Эркинбаев башында бийлик менен оппозициянын ортосунда ортомчулук кылып, кырдаал өзгөргөн соң гана позициясын өзгөрткөн деген пикирин билдирди:
«Ал окуялардын башында, анын минтип өнүгүп кетишине Баяман Эркинбаевдин эч кандай таасири болгон эмес. Тескерисинче, ал 19-мартка чейин бийлик менен биздин ортобузда ортомчу болгон. Муратбек Малабаев, Калык Иманкулов, Кубанычбек Жумалиев жана Ташкул Керексизов сыяктуу бийликтин адамдарын ээрчитип келип, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуш кылып турган. Акыры митингге чыккан эл жеңе турганы дайын болуп калганда, тагыраагы 21-мартта гана ал бизге келип кошулган. Баяман менен Калык Иманкулов бизге келип, сүйлөшүүлөр болгону эсимде. «Акчаны алгыла дагы, акимчиликти бошотуп койгула» деген шарт коюшкан. Буга Камчыбек Ташиев, Курсан Асанов сыяктуу адамдар да күбө болушкан. Биз аларга «силер менен сүйлөшө албайт экенбиз, бийликтин атынан Абдыганы Эркебаев келсин, биз ошол киши менен сүйлөшүү жүргүзгөнгө даярбыз» дегенбиз. Бирок бийлик ал кишиге ишенбей койдубу же ал эмне болду, иши кылып сүйлөшүүлөр кийин болбой калды».
Кримчөйрө кийлигишкен саясат
Интернеттеги ачык булактарда 2005-жылы 24-мартта эртең менен Бишкекте нааразылык акциясына чыккан оппозициянын жүздөгөн тарапташтарын ошол кездеги Акаев бийлигин колдогон спортчулар тобу таш-кесек менен тосуп алып, борбордук аянттан кубалап, сүрүп чыгарганы белгиленген.
Өкмөт үйүн коргоп турган күч түзүмдөрүнө көмөкчү күч катары келген бул спортчулар тобу өлкөнүн соңку жаңы тарыхында «ак кепкачандар» деген ат менен калган. Бирок көп өтпөй эле шаардын туш тарабынан борбордук аянтты көздөй бир топ оппозициялык саясатчылардын тарапташтары кирип келгени белгиленип жүрөт.
Айрым булактар каршылык акциясына чыккандардын арасында маркум депутат Баяман Эркинбаевдин спортчулары жана кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин олбурлуу жигиттери эки бөлөк топ болуп жүргөнүн белгилешкен.
Журналист Семетей Талас уулу тараптар күч сынашкан ал жагдай тууралуу буларга токтолду:
«Ошол учурда «Нариман Түлеев, Жыргалбек Сурабалдиев өздөрүнө жакын спортчуларды темир жол бекети жакта даярдап, аларды митингчилерге каршы туруш үчүн борбордук аянтка алып чыгышкан» деген маалыматтар чыккан. Анан эми ошолорго каршы Рысбек Акматбаевдин тобу 24-март күнү аянтта жүргөн болушу мүмкүн. Ал күнү Баяман Эркинбаевдин спортчулары да «ак кепкачандар» менен болгон кагылышта болгону айтылган. Ошолор келгенде анан жогору жактан түшүп келген Алмазбек Атамбаев менен Мелис Эшимкановдун тарапташтары колонна менен түшүп келгенден кийин жанагы ак кепкачандар качып жок болушкан. Бул жерде кайсы бир спортчулар эмес, негизги күч элдин өзүндө болгон».
Анткен менен коомдук ишмер Бектур Асанов ыңкылаптарды ишке ашырууга криминалдык топтор менен спорт чөйрөсүнүн абдан күчтүү таасири болгон деген пикирди жокко чыгарды.
Бектур Асанов бирок кийин Курманбек Бакиевди Бишкекте ыңкылап маалында күзөтүп жүргөндөр тууралуу сөздөр болгонун белгиледи:
««Революцияны ким жасады?» дегенде мен аны Акаевдин өзү, анын аялы, уулу-кызы, күйөө баласы болуп биригип алып ишке ашырышкан деп айтаар элем. Алар бүтүндөй бийликти ээлеп алып, улуттук байлыкты каалагандай соруп жатышканы жашыруун эмес эле. Кылмыш дүйнөсү да аларга кызмат кылып калган. Рысбек Акматбаев да башында ошолорго иштеген. Биз Жалал-Абадда митинг уюштурганда эч кандай «караларды» же спортчуларды аралаштырган эмеспиз. Ал убакта бизди бүтүндөй эл массасы колдоп турган. Анан эми кийин Курманбек Бакиев Бишкекке келгенде аны Рысбек Акматбаевдин жигиттери коргоп жүргөн деген сөз болуп жатпайбы. Бирок анын так далили жок. Бир жаңсыл болгонго чейин кылмыш дүйнөсү бир жакка өткөн эмес. Балким бийлик алынган соң алар кийин өз ара сүйлөшүп кеткен болушу да мүмкүн».
Бийлик талаштын башталышы
2005-жылы 24-мартта президент Аскар Акаев өлкөдөн качып, Бишкектеги бийлик алынары менен ыңкылапчыл саясий күчтөрдүн ортосунда таасир талаш башталганы белгилүү.
Ошол эле кезде Акаевди колдоп келген саясий топтор да эсине келип, бийликти колуна алууга жөндөмдүү саясий күчтөрдү карай ыктай баштаган. Жогорку сот жаңы парламенттин депутаттарын каттаган БШКнын чечимин жокко чыгарган.
Буга ага чейинки Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөрү палаталарынын ыйгарым укугу аяктай электе, жаңы парламенттин ишке киришкени негиз болгон. Эл өкүлдөрү жыйынына депутат Муратбек Мукашев, ал эми Мыйзам чыгаруу палатасына депутат Ишенбай Кадырбеков төрагалыкка шайланган. Бирок ыңкылапчыл күчтөр жаңы парламентти таанып, анын легитимдүүлүгүн бекиткен. Андан соң жаңы шайланган парламент Өмүрбек Текебаевди төрагалыкка шайлап, Курманбек Бакиевди премьер-министрликке дайындаган.
Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланган Өмүрбек Текебаев бардык саясий күчтөр кырдаалдан чыгып, мунаса табуу үчүн өкмөт башчылыкка Курманбек Бакиевдин талапкерлиги көрсөтүлө турганын парламентте расмий жарыялаганы белгилүү:
«Мына, сиздер мени 56 добуш менен колдоп бердиңиздер. Бирок мен сиздердин көбүңүздөр менен жеке мамилем начар болчу. Бирок ошого карабастан сиздер бүгүн жеке мамиле, жеке кызыкчылык дегенден жогору туруп, өлкөдөгү кырдаалды оңдош үчүн ушундай кадамга бардыңыздар. Мен сиздер менен сыймыктанам. Анткени сиздер жеке мамиледен бийик болдуңуздар. Бул ишенимиңиздерди мен эч убакта жерге таштабайм. Бул абдан татаал кырдаалдан чыгыш үчүн азыр биз бир нече кадам ташташыбыз керек. Буга чейин меморандумдагы бийликтерди биз сиздерге айтканбыз. Мен төрага катары сиздердин атыңыздардан ошол принциптерди айтып коюшум керек. Биз бүгүн түзүлгөн кырдаалды моюнга алышыбыз зарыл. Моюнга албоо - бул акылсыздык. Бирок ошол эле кезде биз ушул кырдаалды конституциялык нукка бурууга аракет кылышыбыз абзел. Биз бүгүн премьер-министрдин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин статусун моюнга алалы. Ошол эле кезде бүткүл коомчулук жана бийлик жаңы шайланган парламенттин легитимдүүлүгүн моюнга алышы зарыл. Бул мындан аркы кырдаалдан чыгуунун кепилдиги болот. Бул өлкөдөгү мындан аркы абалды турукташтырууга өбөлгө түзөт».
Эки күндүк президент
Ага чейин ыңкылапчыл күчтөр нааразылыктын бардыгы парламенттик шайлоодон чыкканын жар салып, акаевчил парламентти таркатуу жана жаңы шайлоо дайындоо маселесин көтөргөн. Бирок аягында тараптар мунасага келип, Жогорку соттун жокко чыгарган чечимине карабастан БШКнын жаңы парламентти каттоо ченеми күчүнө кирген.
Буга чейинки кыска аралыкта, Баш мыйзам боюнча президенттин милдетин аткаруу жүктөлгөн парламенттин төрагасы Ишенбай Кадырбеков мыйзамдуулук сакталганда өлкөнүн өнүгүү жолу башкача болмок деген пикирин билдирди:
«Конституциянын негизинде 24-марттан 14-апрелге чейин президенттин ыйгарым укуктары менин колума өткөн. Бирок экинчи күнү эле палатада «Кадырбеков кетсин» деп атайын уюшулган күчтөр пайда болду. Алар мага каршы чыгып, мага президенттин ыйгарым укуктары өтүп жатканын кызганып, мага каршы чыгууга бел байлап жатышкан экен. Алар аябай чочулашты. Эми аларды да түшүнсө болот. Бирок мен аларга мыйзамдуу жана революциянын логикасына сыя турган ушул жол экенин айтсам да башында макул болуп, кийин мага ишенишпей, көп ыплас иштер болгон. Парламентте депутат Арсланбек Малиевдин иш бөлмөсүндө Феликс Кулов болуп үчөөбүз отурганыбызда Үсөн Сыдыков кирип келип, экөөбүздүн ортобузда чоң чатак болгон эле. Ал мага «Акаевди биз куусак, сен каяктан келип, бул жерге отуруп калдың?» дегендей сөздөрдү айткан. Ал учурда мени түшүнүп, бирок мени колдоп кете турган саясий күчтөр болбой калды. Эгерде ошол кезде Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Дооронбек Садырбаев сыяктуу белдүү саясатчылар мага мурда айтып жүргөн позицияларында турганда, мүмкүн өлкөнүн өнүгүү жолу такыр башкача болмок».
24-марттагы «Жоогазын ыңкылабы» кандуу териштирүүлөр менен коштолуп, саясатчы Феликс Куловдун санаалаштарынын бири, каскадёр Үсөн Кудайбергенов үйүнөн атылып, андан соң Акаев бийлигинин тарапкери катары таанылган, депутат Жыргалбек Сурабалдиев түштөнүүгө бараткан учурда киллердин огунан жан берген.
Докенин дооматы
Ошондон тартып криминалдык чөйрөдө өз ара куралдуу кол салуулар башталып, саясатта бийлик үчүн айыгышкан күрөш күчөгөн. 2005-жылы май айында ыңкылаптын демөөрчүсү атыккан Баяман Эркинбаевдин мурдуна ок атылып, ал бул алгачкы кол салууда тирүү калганы айтылган.
Депутат Баяман Эркинбаев 2005-жылы май айында президенттикке талапкерлигин коё турганы жарыялана баштаган. Президенттик шайлоо 2005-жылы июль айында белгиленген. Бирок кийин Баяман Эркинбаев Курманбек Бакиевдин пайдасы үчүн талапкерлигин алып салган.
Антсе да Баяман Эркинбаев президенттик дымагынан баш тартып, саясатта жигердүүлүгүн азайтканы аны сактап кала алган жок. Киллердин экинчи огу таамай тийди. Баяман Эркинбаев 2005-жылы 21-сентябрда Бишкектеги үйүнүн алдынан окко учкан.
Ошол кездеги депутат, маркум Дооронбек Садырбаев өлкөдө кырдаал кооптуу болуп калганын айткан жайы бар:
«Мындай бандиттик мамлекетте жашоого, иштөөгө мүмкүн болбой калды. Бир жаш баланы алдырып жиберип, сакалым өрттөнбөдүбү... Ал кимге эмне жамандык кылды эле? Ал «күнөөмдү далилдеп бергиле» деп өзү кайрылып жатса, аны карап, тергөөнүн ордуна СНБ бок жеп жүрдүбү? Эмне үчүн Баямандын автомашинесин, жансакчыларын алып коёт? Жогорку Кеңеш, Баяман жөө калып, үйүнө бара албай жатканда эмнени карап отурдуңар? Ал тергөөдөн качкан жок эле го? «Күнөөмдү мойнума коюп бергиле» деп чырылдап өзү суранып жаткан баланы сурабастан, атып салган - бул деген мамлекет эмес!!»
Чүнчүтүп, жок кылуунун «оюну»
Ага чейин депутат Баяман Эркинбаевди кайтарып жүргөн жан сакчылары алынып салынып, камакка алынган. Ошол эле кезде ага таандык Кара-Суу базары тартылып алынып, Оштогу ага таандык «Алай» мейманканасын басып алыш үчүн жергиликтүү спортчулар менен кылмыш чөйрөсү каршы коюлган. Бул жагдайда Баяман Эркинбаев өзү парламентте ага экинчи ирет кол салуу даярдалып калганын айтып чыккан. Керим Макеев Баяман Эркинбаев саясаттагы таасир талаштын курмандыгы болгонун белгиледи:
«24-марттан кийин раматылык Баяман Эркинбаевдин бедели аябай көтөрүлгөн болчу. Оштогу кээ бир маршруткаларда айдоочулар «Баяман - элдик президент», «Баяман Эркинбаев президенттикке татыктуу» деген сыяктуу ураандарды жазып алып жүрүп калышкан. Ошондой көрүнүштөрдөн соң анын Курманбек Бакиев менен ажырымы күчөп кетти окшойт. Анан эле анын Кара-Суудагы базарын тартып алып, аны каржылык жактан алсыратуу боюнча иштер башталды. Баяман Эркинбаевге каршы спорт чөйрөсү менен кылмыш дүйнөсүнүн адамдары топтолуп, уюштурулганы белгилүү. Анын артында Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев турганы ошол кезде ачык эле байкалып турду. Саясатчылар менен криминал абдан аралашкан мезгил ошондон башталган».
Андан көп өтпөй 2005-жылы 20-октябрда бунт чыккан абак жайларын текшерип барган парламент депутаты Тынычбек Акматбаев, жардамчысы жана эки жан сакчысы менен кошо окко учкан. Оор жараат алган Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Полотов кийин каза тапкан. Депутаттын агасы, кримтөбөл Рысбек Акматбаев соттон акталып чыгып, инисинин ордуна талапкерлигин коюп, эң жогорку пайыз менен шайлоодон утуп чыккан. Бирок ал мандатын алганга жетишпей, 2006-жылы 10-майда Бишкектеги мечиттердин биринен чыгып келе жатканда атылган. Ошентип «Жоогазын ыңкылабын» колдогон же ага каршы чыккан фигуралар четинен жок кылынып, саясий буюртма менен көзү тазалангандардын саны 30дан ашкан. Ал иштердин көбү ачылбай калган.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.