Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:28

Абылгазиев: Кенебес адамдар башкаларга да коркунуч жаратууда


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев коронавируска байланыштуу элге кайрылып, өзгөчө кырдаалдын режимине айрым жарандар жоопкерчиликсиз мамиле кылып жатканын сындады. Абылгазиев бийлик жугуштуу илдетти жайылтпоого аракет кылып жатканын, ага карабай кайдыгер жарандар башкалардын өмүрүн тобокелге салып жатканын белгиледи.

«Өзгөчө кырдаал кирген биринчи күндөгү көрүнүштү байкап жатасыңар. Тилекке каршы, өкмөттүн аракеттерине карабастан, биздеги көрүнүш абдан өкүнүчтүү. Эпидемия ар бирибиздин аң-сезимибизге жетпей жатат. Кыймыл-аракетибиз азайган жок. Коронавирус миңдеген адамдарды өмүрүн алды. Жоопкерчиликсиз жарандар, аны көрүп турсаңар да, кенебестигиңер менен башкаларга коркунуч алып келип жатасыңар. Муну түшүнгүлө! Өзүңүз да балким вируска чалдыгып калышыңар толук мүмкүн. Вирус алыс жакта эмес, вирус ар бирибиздин жаныбызда», - деди өкмөт башчы.

Кыргызстанда COVID-19 вирусу менен ооругандар 16 кишиге жетти. Кыргыз өкмөтү 22-марттан тартып өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизди. Бул режим бир айлык мөөнөткө уланат. (TSh)

XS
SM
MD
LG