Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Москва мэри улгайган жарандарды үйдө отурууга милдеттендирди


Сергей Собянин.
Сергей Собянин.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 26-марттан 14-апрелге чейин жашы 65тен өткөн жана өнөкөт оорулары бар адамдар үйүндө гана болушу керек деген буйрук чыгарды.

Ага ылайык, иш берүүчүлөр аларга үйүнөн гана иштегенге мүмкүнчүлүк берип же акы төлөнчү эмгек өргүүсүнө чыгарышы керек. Мэрдин буйругу өтө маанилүү деп эсептелген ишкана-мекемелерде иштегендерге жана саламаттык сактоо кызматкерлерине тиешелүү эмес.

Ошондой эле үйдө отургандарга төрт миң рублдан бир жолку жардам берилет жана алар акчанын теңин карантиндин башында, калган жарымын бул мөөнөт аяктагандан кийин алышат. Андан сырткары телефондун, Интернеттин жана коммуналдык кызматтардын акчасын убактылуу төлөбөй турса болот, ал үчүн айып төлөнбөйт.

Москва шаарынын улгайган тургундары үчүн атайын телефондор уюштурулду. Алар бул номер аркылуу жардам керек болсо ыктыярчыларды чакырып же тамак-ашты, дары-дармекти бекер жеткиртип алса болот.

Орусияда коронавирус 438 адамга жукту. Акыркы бир күндүн ичинде эле бул илдет Москвада 71 кишиден табылды.

XS
SM
MD
LG