Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Иран АКШнын жардамынан дагы баш тартты


Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Ирандын президенти Хасан Роухани Тегеран Вашингтондон гуманитардык жардам албай турганын билдирди. Ал 23-марттагы телекайрылуусунда «эгер Кошмо Штаттар Иранга коронавируска каршы күрөшкө чындап жардам бергиси келсе, анда санкцияларын жокко чыгарышы керек» деп билдирди. «Америкалык жетекчилер калп айтып жатышат. Эгер алар Иранга жардам бергиси келсе, анда санкцияларын жокко чыгарсын. Ошондо гана биз коронавируска каршы күрөшө алабыз», деди Роухани.

Вашингтон Иранга буга чейин да жардам сунуш кылган. Бирок өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи 22-мартта мындай жардамдан баш тарткан.

Иран коронавируска байланыштуу эң оор абалда калды. Өлкөдө ооругандардын саны расмий маалымат боюнча 23 миңден ашып, илдет 1 800дөн ашык кишинин өмүрүн жалмады. Расмий эмес маалыматтар боюнча коронавирус жуккан жана андан ажал тапкан жарандардын саны мындан алда канча көп.

Иран менен АКШнын алакасы 2018-жылдан тартып курчуй баштаган. Ошол жылы Вашингтон «өзөктүк келишим» аттуу документтен чыгып кеткен. Бул документ 2015-жылы кабыл алынган жана ага Иран менен дүйнөнүн алты ири өлкөсү (АКШ, Орусия, Кытай, Улуу Британия, Франция жана Германия) кол койгон.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп келишимден чыгып кеткенден кийин Иранга каршы жаңы санкцияларды да киргизген. Буга жооп иретинде Иран келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тарткан.

Быйыл жыл башында Багдадда Ирандын таасирлүү генералы Кассем Сулеймани Дональд Трамптын буйругу менен өлтүрүлгөндөн кийин тараптардын тиреши ого бетер күчөгөн.

XS
SM
MD
LG