Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:52

Аман болсун Жер шары, андагылар...


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев жамы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

Бардыгыңыздарды бүгүнкү Нооруз майрамыңар менен куттуктап, төмөнкү ырым менен кыргызмын деген ар бириңиздердин жүрѳгүңүздѳргѳ чакырык салгым келди.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен! Дайыма ден соолукта, үй-бүлөңүздөр менен бакты-таалайда болуңуздар!

Калк элек го,

Калктардын даңкы элек го,

Караңдаган дүйнөнү кезип турган,

Кара Жерин Кудайдын бешик кылган.

Ыйык тутуп Ыйманын кыз-уулдары,

Ынтымакты, Ырысты кешик кылган.

Карылары балпайып төрдѳ олтуруп,

Кайгы-муңсуз бактысын сезип турган.

Карып-мискин чыгарбай катарынан,

Кадырына калкынын жетип турган.

Калкты бузган карөзгѳй шылуундардын

Кара жинин камырдай эзип турган.

Касам ичип калп айткан кара беттин,

Кара башын чамгырдай кесип турган.

Калыстыкка келгенде кайран кыргыз,

Кара жанын садага этип турган,

Калк элек го,

Калктардын даңкы элек го,

Качан болсо канаты кеңип турган,

Катылгандын сазайын берип турган.

Каптап келген тумоо эмес, канчалаган

Кара таандай душманын жеңип турган.

Карт тарыхкка даңзасын салып турган,

Карт тарыхта балбылдап жанып турган.

Калтылдабай, чайпалбай, касиетин,

Каада-салтын жоготпой калыс турган.

Каран түндѳ айланып чагылганга,

Кара ташты от кылып жагып турган.

Кайдагы бир кашайган вирус тургай,

Калайманды каңгайга салып турган.

Беш удургуп белестен ѳткѳн элсиң,

Беш манжадай билекте өскөн элсиң.

Бешиктеги балаңдан чоңго чейин,

Белен турган бекем эл, өрттөн элсиң.

Каяктагы дарт тургай, даңкан салып,

Канча шумдук сыноодон өткөн элсиң.

Кайыккандын Бакайдай башын жөлөп,

Кайышканга Манастай өктөм элсиң!

Далай кыйын кыстоодон чыккан элсиң,

Далай кыргын, апаатта бышкан элсиң.

Дал-далынан сөгүлбөй кыйын кезде,

Дарак болуп төгүлгөн ыкчам элсиң.

Даават салып бараткан мындай дарттын,

Далбастабай дайны жок, сабыр кылган,

Даанышман эл, даркан эл, кутман элсиң!

Кую бузук куу тумоо, кайдагылар,

Куруп кетсин куу жолтой сандагылар.

Жети дубан жергебиз аман болсун,

Аман болсун Жер шары, андагылар.

Куунак болсун ар дайым көңүлүңөр,

Куттуу болсун кутман журт, Майрамыңар!!!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG