Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:00

Депутат: 12-мартта умрадан келген таанышым жакындары менен дароо жолугушкан (видео)


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Парламент депутаты Алиярбек Абжалиев жалпы жыйында коронавирустун алдын алууда тоготпогон мамиле болуп жатканын билдирип, мындай мамиле жугуштуу илдеттин жайылып кетишине шарт түзөөрүн белгиледи:

«Менин жакын таанышым умрага барып, 12-мартта келген. Азыр телефондон сүйлөшсөм «12синде келип, үйүмө барып, бүт баары келип, сүйлөшүп, учурашканбыз» деди. Кечинде «Ак-Кемеге» барып жаткырышыптыр. Ошентип, баары аралашып кетти. Европада дагы тоготпогон мамиле кылып, бүгүн эң кооптуу аймак ошол жакта болуп жатат. Бизде дагы тоготпогондой мамиле болуп атат. Бул боюнча жакшылап карабасак болбойт».

Жогорку Кеңештин 18-марттагы жыйынында бир нече депутат коронавируска байланышкан чаралар боюнча өкмөттүн маалыматын парламентте угууну сунуш кылды. Эл өкүлдөрү өкмөттүн маалыматын 19-мартта угууну чечишти.

Кыргызстанда 18-мартка караган түнү коронавирус катталган үч киши аныкталды. Алар Сауд Арабиясында умра сапарына барып келген, Сузак районунун 70, 62, 42 жаштагы тургундары. Алар менен чогуу бир учакта 135 адам учуп келгени белгилүү болду.

Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди. Өлкө аймагына чукул кырдаал киргизүү маселесин ушу тапта республикалык штаб талкуулап жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG