Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:45

Жалал-Абаддагы тигүү цехи даки беткап чыгара баштады


Жалал-Абаддагы беткап чыгарган тигүү цехи.
Жалал-Абаддагы беткап чыгарган тигүү цехи.

Жалал-Абад шаарындагы «Баяна» тигүү цехинде дакиден (марли) беткаптар тигиле баштады. Ишкерлердин айтымында цехтин күнүнө миң даанадан тигүү мүмкүнчүлүгү бар. Төрт каттап тигилген даки беткап жууп, эки жолу кайра колдонууга болорун жана баасы 15 сом экенин ишкерлер билдиришти.

Цехтеги иш ыргагы менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тийиштүү адистер таанышып чыкты.

Беткаптар Жалал-Абаддагы айрым дүкөндөрдө жана дарыканаларда 18-марттан баштап сатыла баштайт.

Коронавирус илдети пайда болгондон кийин Кыргызстанда медициналык беткаптардын таңсыктыгы пайда болуп, баасы 5 эсе кымбаттаган. (RsK)

XS
SM
MD
LG