Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:51

Коронавирустан дүйнөдө 6606 киши көз жумду


Коронавирус аныктоочу тестер. Иллюстрациялык сүрөт.
Коронавирус аныктоочу тестер. Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, акыркы суткада жугуштуу вирустан 863 адам каза тапты. Жалпы дүйнөдө ооруга чалдыккандардын саны 167 511 адамга жетти. Акыркы суткада коронавирусту 13 903 адам жуктурган.

Ошондой эле акыркы күнү коронавирус дүйнөнүн төрт өлкөсүндө аныкталды, алардын экөө Африкада, бирөө Европада, дагы бирөө Америкада. Муну менен жалпы дүйнө жүзүндөгү 151 өлкөдө коронавирус аныкталды.

Вируска чалдыккандардын саны боюнча Европада биринчи орунда 20 миң киши катталган Италия, андан кийин 8 миң учур менен Испания турат. Бул эки өлкөдө каза тапкандардын саны да жогору. Италияда акыркы суткада 349 адам оорудан улам жашоо менен кош айтышты. Өлкөдө коронавирустан жалпы 2158 адам өлгөн.

Иранда 14 миңден көп кишиде вирус аныкталган. Өлгөндөрдүн саны 724 кишиге жетти.

Ооруну жуктургандардын жана андан көз жумгандардын саны жагынан башка мамлекеттердин көрсөткүчү илдеттин очогу болуп саналган Кытайдын көрсөткүчүнөн тең эсе көп болууда. Кытайда 3218 адам коронавирустан өлгөн, анын ичинен 14ү акыркы суткада көз жумду. Ал эми ооруга чалдыккан 29 жаңы учур катталды. Окумуштуулар Кытайда эпидемия басаңдап баратканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG