Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Абылгазиев: Covid-19 жакындады, текшерүү күчөйт (видео)


Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүнкү брифингде билдирди. Ал: «Коронавирусту жугузуп алган адамдардын Казакстандан жана Өзбекстандан аныкталышы менен оору Кыргызстанга жакындады», - деди.

Премьер-министр өлкөдө коронавирустун алдын алуу боюнча аталган өлкөлөрдөн келген адамдарды текшерүү күчөтүлөрүн билдирди.

Буга байланыштуу Абылгазиев аталган өлкөлөрдөн келген адамдарды бул аракеттерге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Ал эми премьер-министр Казакстандан товар ташып келүүдө тоскоолдук болбой турганын, бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен эки сыйра сүйлөшкөнүн кошумчалады.

Ушундан улам ал жарандарды дүрбөлөңгө түшүп, кам саноого негиз жок экенин билдирди. (BkA)

XS
SM
MD
LG