Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:26

Кыргызстанда мектептер менен жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.

Жыйында коронавирустун алдын алуу жана анын жайылышын болтурбоо чаралары жөнүндө маалыматты вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, билим жана илим министри Каныбек Исаков берди.

Президент Жээнбеков коронавируска байланыштуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги жөнүндө эскертип, зарыл иштер тиешелүү деңгээлде аткарылбаса, эң катуу чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков, парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты. (BTo)

XS
SM
MD
LG