Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:43

Азимжан Аскаровдун байбичеси президентке кайрылды


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Хадича Аскарова өмүр бою эркинен ажыратылып, түрмөдө отурган күйөөсү Азимжан Аскаров быйыл январда эле күчөтүлгөн режимдеги абактан жалпы абакка которулуу укугу болсо да, эмгиче күчөтүлгөн режимде калып жатканына нааразылыгын билдирген.

Ал Азимжан Аскаровдун оор абалдагы саламаттыгы жакындарын кооптондуруп жатканын, түрмө шартында Аскаров өзү дары жасап, оорусуна каршы күрөшүүгө аргасыз болуп жатканын маалымдаган.

Хадича Аскарова президент Сооронбай Жээнбековго күйөөсү күнөөсүз айыпталып, түрмөдө отурганын, 2015-жылы аны АКШнын Мамдепартаменти «Эрдиги жана тайманбастыгы үчүн» сыйлаганын эскерткен.

Ал Азимжан Аскаровдун кармалган учурунан тартып, кийинки коюлган айыптардын баары ойдон чыгарылган жалган жалаа экенин бекемдеген. Хадича Аскарова мамлекет башчыдан Конституциянын гаранты катары өлкөдө мыйзамдар сакталышына көзөмөл кылууну жана гумандуулукка барып, күйөөсүнүн мыйзамдуу түрдө эркиндикке чыгышына көмөктөшүүсүн өтүнгөн.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG