Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Өкмөт башчынын басма сөз катчысы: милиция кагылышууну токтотуп калды


Премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиевдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев аялдардын маршындагы кармоо боюнча пикирин айтты. Султаналиев уюштуруучулар акцияны өткөрүү үчүн мэрия менен макулдашпаганын белгиледи.

«Укук коргоо органдары акциянын айрым катышуучулары менен маектешүүгө тийиш эле. Милиция кагылышууну токтотуп калды. Ал эми чагымчылардын аракетине баа берилиши керек».

Султаналиев гендердик тең укуктуулук өкмөттүн негизги иши экенин кошумчалады.

Бүгүн Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бирок алгач белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармай баштаган.

Милиция кармап кеткендердин арасында Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси Рита Карасартова, активист Алтын Капалова жана журналисттер болду. Айрым укук коргоочулар акцияга чыккандарды камоону кескин сындап чыгышты.

Жүрүшкө чыккандар зомбулукка кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:06 0:00

XS
SM
MD
LG