Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

Бишкекте 8-мартка белгиленген тилектештик маршына сот тыюу салды


Аялдардын тилектештик маршы. 2019-жыл.
Аялдардын тилектештик маршы. 2019-жыл.

8-март - Аялдардын эл аралык күнүндө Бишкекте өтөрү болжолдонуп жаткан «Аялдардын шериктештик маршына» Биринчи май райондук соту 5-марттагы чечими менен тыюу салды.

Маселенин сотто каралышына Биринчи май райондук администрациясынын, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын иш-чарага тыюу салуу тууралуу арызы негиз болду.

Аталган жергиликтүү мамлекеттик мекемелер сотко мамлекеттик эмес бардык иш-чараларга, марштарга жана жүрүштөргө 1-июлга чейин чектөө киргизүүнү суранып кайрылып, муну дүйнөдө жайылып жаткан коронавирустун жана ар кандай башаламандыктын алдын алуу максаты менен түшүндүрүшкөн.

2019-жылы 8-мартта уюштурулган мындай марш жаңжал менен коштолгон. Буга аялдарга зомбулукка каршы чакырыктарынан тышкары жыныстык азчылыктын жана феминист аялдардын укуктарын коргоо чакырыктары себеп болгон. Мындай көрүнүш улутчул көз караштагы топтордун катуу сынына кабылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG