Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:24

Өкмөттүк эмес уюмдар боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

«Макул» деп 100 депутат добуш берди. Тогуз депутат каршы болду.

Алар - Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев, Жунус уулу Адыл, Каныбек Иманалиев, Аида Касымалиева, Асел Кодуранова, Наталья Никитенко жана Абдывахап Нурбаев.

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыгып, коомдук талкууга январь айынын башында койгон.

Эгер мыйзам кабыл алынса, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети 2014-жылы да болгон, анда бул аракет ишке ашкан эмес.

Былтыр Европа Биримдиги Кыргызстандагы жарандык коомдун ролунун жакшы жагын баса белгилеп, өкмөттүк эмес уюмдардын каржылоосуна көзөмөлдү күчөтүү тууралуу чакырыктарга тынчсыздануусун билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG