Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:19

«Талибан»: «Зомбулукту азайтуу» өнөктүгү аягына чыкты


АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзад (солдо) жана «Талибан» кыймылынын саясий жетекчиси Абдул Гани Бахадыр (оңдо). Доха, 29-февраль, 2020-жыл.
АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзад (солдо) жана «Талибан» кыймылынын саясий жетекчиси Абдул Гани Бахадыр (оңдо). Доха, 29-февраль, 2020-жыл.

Ооганстанда талибдер «зомбулукту азайтуу» өнөктүгү аягына чыкканын билдиришүүдө.

2-март күнү Хост провинциясында футбол талаасында жардыруу болду. Провинция губернаторунун басма сөз катчысы Талиб Хан Мангалдын айтымында, жардыруучу зат футбол талаасынын жанында токтоп турган мотоциклге колган. Жардыруу бир нече кишинин өмүрүн кыйды, бир нечеси жабыркады.

«Талибан» кыймылы, АКШ жана Ооганстандын Куралдуу күчтөрү 22-февралдан тартып бир жумага «зомбулукту азайтуу» тууралуу макулдашышкан. АКШ анын шарттары аткарылса, талибдер менен тынчтык келишимине кол коюларын билдирген.

Бирок 2-мартта согушкер кыймылдын басма сөз өкүлү Забихулла Мужахид ооган коопсуздук күчтөрүнө каршы «зомбулукту азайтуу» өнөктүгү «соңуна чыкканын» билдирди. Ал «мындан ары биздин операциялар улана берет» деди. Мужахиддин сөзү боюнча талибдер америкалык күчтөргө кол салбайт, бирок ооган өкмөтүнүн күчтөрүнө каршы күрөшүн уланта бермекчи.

29-февралда Катардын баш калаасы Дохада АКШ менен «Талибан» кыймылынын ортосунда 18 жылга созулган согушту токтотууну көздөгөн келишимге кол коюлду.

Келишим боюнча «Талибан» кыймылы Кабулда ооган өкмөтү менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүп, дагы бир катар коопсуздук милдеттенмелерин аткарган шартта АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү жылдын аягына чейин аскерлерди чыгарып кетет.

XS
SM
MD
LG