Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:47

Митингчилер: Бизге бийлик эмес, Жапаровдун боштондугу керек


Митингчилерди сүрүп чыгаруу учуру. Бишкек. 2-март, 2020-жыл.
Митингчилерди сүрүп чыгаруу учуру. Бишкек. 2-март, 2020-жыл.

Өзүн Садыр Жапаровдун колдоочусу катары тааныштырган Элмира Бечелова «Азаттыкка» ушундай пикирин билдирди. Ал 2-мартта митингге бийликти алуу максатында эмес, Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылып чыгышканын белгилеп, бийликке нааразылыгын айтты:

«Биз, Садыр Жапаровду колдоочулар, анын боштондугун талап кылып эле чыкканбыз. Төрт жылдан бери калыстык издеп жүрөбүз. Миллиарддарды жегендер камактан чыгып кетип жатышат да, Садыр Жапаров жок дегенде үй камагына чыгарылбайт. Эмне үчүн бошотулбайт?»

Камактагы Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылгандар 2-мартта Бишкектин борбордук аянтында митинг өткөрүштү. Кечке жуук Жогорку Кеңешти көздөй бет алган митингичилерди милиция аянттан жана айланасындагы көчөлөрдөн күч менен кууп таркатты.

Митингчилер жана милиция кызматкерлери бири-бирине таш ыргыткан учурлар болду. Көчө боюна токтотулган айрым машинелер, жол боюндагы айрым имараттардын терезелери талкаланды. Милиция түнү менен шаардын, шаардыктардын жана коноктордун коопсуздугуна күчөтүлгөн тартипте көз салынарын маалымдады. (ZKo/TSh)

XS
SM
MD
LG