Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:07

Кулов: чагымчылдар Садыр Жапаровдун атын колдонушту


Кармоо учурунан тартылган сүрөт.
Кармоо учурунан тартылган сүрөт.

Бул тууралуу мурдагы премьер-министр, генерал Феликс Кулов билдирди. Анын айтымында, акыркы кырдаал үчүн бүгүнкү митингдин уюштуруучулары жоопкерчилик тартышы керек. Саясатчы митингди уюштурган соң андагы тартипке жана коопсуздукка уюштуруучулар жооп бериши керек болчу деп эсептейт.

«Буга чейин Садыр Жапаров тарапкерлерине кайрылып, «митинг кылбай эле койгула» деп суранган. Бирок уюштуруучулар ага кулак салбай коюшту. Чагымчылдар Садыр Жапаровдун атын колдонушту деп айтсак болот», - деди Кулов.

Мурдагы премьер укук коргоо органдары кырдаалды жөнгө салыш үчүн бардык мыйзамдуу чараларды көрүшү керек экенин кошумчалады.

Бүгүн Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду абактан бошотууну талап кылгандардын нааразылык акциясы өткөн. Анын жыйынтыгында акциянын катышуучулары менен милиция күчтөрү кагылышып, күч түзүмдөрү митингичилерди борбордук аянттан сүрүп чыгарышты.

Учурда айрым митингчилер менен милиция бири-бирин көздөй таш ыргытып жатышат. Ондогон адамдар кармалганы кабарланууда. Милиция канча адам кармалганын кабарлай элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG