Бул жалпы шайлоочулардын 75 пайызын түзөт. Муну менен Тажикстанда парламенттик шайлоо өттү деп эсептелет.
Тажикстан: алты партия ат салышкан шайлоо
Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00гө карата парламенттик шайлоодо 3 млн. 700 миң адам добушун берди.

1
Шайлоого Элдик-демократиялык партиядан тышкары дагы алты партия катышууда. Арасында оппозициялык маанайдагы Социал-демократиялык партия да бар.

2
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тажик парламентинин төмөнкү палатасына шайлоого №15 шайлоо бекетинен добуш берди.

3
Шайлоого Рахмондун Элдик-демократиялык партиясы да катышууда. Буга чейинки парламенттик шайлоодо анын партиясы көпчүлүк мандатка ээ болгон. Бул жолу да ошондой эле болот деп күтүлүүдө.

4
Эл аралык байкоочулардын баамында, Эмомали Рахмон бийликте турган 1994-жылдан бери парламентке таза шайлоо өтө элек. Алардын айтымында, шайлоо бийликтин басымы алдында жана калган партиялар үчүн калыс эмес шарттарда өткөрүлөт.

5
Тажик парламентинин төмөнкү палатасындагы 63 мандат үчүн 238 талапкер ат салышууда. Анын ичинен 65и партиялык тизме менен, калган 173ү бир мандаттуу округдардан катышып жатат.

6
Бул 1997-жылы Тажикстанда тынчтык келишими менен аяктаган жарандык согуштан кийин өтүп жаткан бешинчи парламенттик шайлоо.

7

8
Эл аралык байкоочулардын баамында, Эмомали Рахмон бийликте турган 1994-жылдан бери парламентке таза шайлоо өтө элек. Алардын айтымында, шайлоо бийликтин басымы алдында жана калган партиялар үчүн калыс эмес шарттарда өткөрүлөт.