Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:19

Орусия Канттагы базада учкучсуз авиация отрядын түзгөнү кабарланды


Канттагы аскер база.
Канттагы аскер база.

Орусиянын Канттагы аскер базасында кыска жана орто аралыктагы учкучсуз авиация отряды түзүлдү. Бул тууралуу Орусиянын Борбордук аскер округунун командачысы Александр Лапинге шилтеме берип, орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Андагы маалыматка ылайык, бул отрядда орто аралыкка сокку урчу «Форпост» жана кыска аралыкка ылайыкташкан «Орлан-10» учактары жайгаштырылган.

Лапин бул комплекстер Орусиянын Сириядагы операциясында колдонулуп, жакшы жыйынтыкка жетишкенин билдирген.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бул боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстанда азыр Орусиянын бирдиктүү аскер базасы бар. Анын курамына Канттагы аскердик аэродром, Ысык-Көлдөгү аскер-деңиз базасы, Майлуу-Суу шаарындагы сейсмикалык пункт жана Чалдовар айылындагы байланыш түйүнү кирет. Былтыр Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы сапарынын алкагында бирдиктүү аскер база боюнча келишимге өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, базасынын аянты 58,3 гектарга кеңейтилип, учкучсуз учуучу аппараттарды пайдалануунун эрежелерин жана Канттагы авиабазанын учуп-конуу тилкесин модернизациялоо каралган. (BkA)

XS
SM
MD
LG