Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

УКМК: Жергиликтүү депутат салык жашырган, киши сабаган деп шек саналууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Каракол шаардык кеңешинин депутаты (Т. Ч.) арам акчаны адалдап, салык жашырды, шаардык кеңештин депутатын сабады деп шек саналып жатканын 27-февралда билдирди. Маалыматка караганда депутат (жеке компанияга ээлик кылуучулардын бири катары) салык жашырган, адамдын денесине оор залал келтирген деп шек саналууда. Бул фактылардын негизинде депутат Жазык кодексине ылайык кылмыш аркылуу табылган кирешелерди мыйзамдаштыруу (215-берене), бийликтен аша чабуу (321-берене) үчүн шек саналып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, депутат Каракол шаардык кеңешинен депутаттык мандатты мыйзамсыз алганы аныкталып, 2016-жылы ага карата Жазык кодексинин 330-беренеси («КР жаранынын паспортун мыйзамсыз колдонуу») боюнча да иш козголгон. Кийин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу бул тергөө иши токтотулган.

Бир күн мурда УКМКнын Ысык-Көл облустук бөлүмү Каракол шаардык кеңешинин депутаты Тууганбек Чолпонбаев кызматташы Азамат Айтбаевди сабаганы тууралуу арыз каттоого алынганын бышыктаган.

Сабоо фактысы болгонун депутат Азамат Айтбаев «Азаттыкка» билдирген.

УКМКнын акыркы маалыматынын өзүнө тиешеси бар-жогун Тууганбек Чолпонбаев бышыктай элек. 26-февралда ал Айтбаевдин дооматын «Азаттыкка» төгүндөп, «кол көтөргөн эмесмин, жөн эле туруп сүйлөшкөм» деп билдирген.

Тууганбек Чолпонбаев - шаардык кеңеште көпчүлүктү түзгөн «Табылга» партиясынын, Азамат Айтбаев - КСДПнын депутаттары.

Каракол шаардык кеңешинде «Табылга», КСДП, «Кыргызстан», «Республика - Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиялары жалпысынан 37 мандатка ээ. Көпчүлүк мандат «Табылга» (12), КСДП (6) партияларына таандык.

Каракол шаардык кеңешине келерки шайлоо 12-апрелде болот. (KS)

XS
SM
MD
LG