Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

«Манас» эпосу жөнүндөгү мыйзам жаңыланат


«Манас» эпосу.
«Манас» эпосу.

Бүгүн, 26-февралда «Манас» жана Чыңгыз Айтматов академиясында «Манастын доору жана «Манас» жөнүндө мыйзамдын аткарылышы» деген темада талкуу өтүп жатат. Ага өкмөттүн, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, окумуштуулар, адистер, коомдук ишмерлер катышууда.

Жыйында «Манас» эпосунун доорун тактоо тууралуу талаштуу пикирлер айтылып, 2011-жылдын 28-июнунда кабыл алынган КРнын «Манас» эпосу жөнүндө мыйзамы учурда толук иштебей жатканы айтылды. Анын айрым беренелери мезгилге шайкеш келбей калгандыктан өзгөртүүлөрдү киргизип, кайра кабыл алуу зарылчылыгы келип чыкканы кеп болду.

Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Самат Ибраимовдун маалыматына караганда учурда парламентте «Манас» жөнүндө мыйзам толукталып иштелип чыкты. Ал жакында коомдук талкууга коюлат.

Мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык «Манасты» бурмалап коммерциялык жана башка максаттарда пайдалануу иш-аракеттерине, «Манас», «Семетей», «Сейтек» деген аталыштарды арак, коньяктарга коюуга тыюу салынат.

Талкууда чыгып сүйлөгөндөр «Манасты» изилдөөнү, таркатууну кеңейтип, бурмалоо, мазактоо аракеттерине тыюу салуу керек экенин, ал аталган мыйзамдын жаңы долбоорунда сөзсүз укук-ченемдик нормалар киргизилиши зарыл экенин айтып жатышат.

«Манас» жана Чыңгыз Айтматов академиясы 2019-жылдын 31-январында чыккан КР президентинин жарлыгына ылайык түзүлгөн. (ZA)

XS
SM
MD
LG