Жолугушууда Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун 2020-жылга кызматташуу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Бул иш-чараларды бекиткен макулдашууга өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов жана Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода кол койду. Иш-чаралар планы 33 пункттан турат.
Анда негизинен социалдык-экономикалык кызматташуу, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, туризм, соода-экономикалык байланыш, ынтымакты жана достукту бекемдөө сыяктуу жоболор каралган. Облустун башчысы Алишер Абдрахманов буларды айтты:
«Чек арада жашаган калктын мамилесин оңдоп, чыңалууну пайда кылган маселелерди чечүү үчүн эки облустун кызматташтыгын чыңдай турган иш-чараларды бекиттик. Бул демилге жакынкы күндөрү ишке аша баштайт. Аракет өз натыйжасын берет деп ишенем».
Чектеш эки облустун кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган макулдашуу протоколуна кол койгон Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражоббой Ахмадзода буларды билдирди:
«Биз миң жылдан бери бир арыктан суу ичип, бир абадан дем алып жашап келатабыз. Ошондуктан биз эл менен иштеп, көйгөй жаралганда аны дароо чечишибиз керек. Биз бир да сантиметр жерди бербейбиз. Ошол эле кезде башканын жери да керек эмес».
Эки облустун кызматташуу планы Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери Акрам Мадумаров менен Азим Иброгим жетектеген чек араны делимитациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жумушчу жыйынынын алкагында бекитилди. Мурдагы отурумда тараптар 1-мартка чейин эки өлкөнүн аралашып калган аймактарындагы жерлерди алмаштыруу боюнча сунуштарды даярдоону макулдашкан. Бирок бул ортодо Кыргызстан тарапта чек ара маселесин чечүүгө жооптуу адамдар алмашып кеткен.
Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Нарматов Кыргызстан тараптан жумушчу топтун жетекчилигинде, курамында да өзгөрүүлөр болгондуктан иш алып баруу ыкмалары да өзгөргөнүн айтты. "Эки өлкө чек арасындагы тактала элек чек ара сызыгынан 60 чакырым боюнча эки тарап бир пикирге келишти, чек арада жер алмаштыруу маселеси каралган жок" деди өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү.
«Чек араны тактоо боюнча отурумда бир топ жылыштар болду. Жаңы аракеттер башталды. Өкмөт аралык комиссиянын биздеги жетекчилиги жаңы болду. Алмашуу маселеси өтө татаал, бир күндө чечилбейт. Дагы карап көрүп, эл менен макулдашкандан кийин айтабыз. Бул жолугушууда жер алмашуу деген маселе көтөрүлгөн жок».
Ал арада тажикстандык медиа каражаттары Кыргызстан менен Тажикстан Баткендеги сүйлөшүүдө жер алмашууну макулдашканын жазышууда. «Азия-Плюс» агенттиги тажик делегациясындагы сүйлөшүүдөн кабары бар адамга таянып, «тарыхта биринчи жолу тараптар талаштуу тилкедеги 23 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашты» деп жазды. «Демек эки мамлекеттин чек ара аймактарындагы узактан берки талаштар ордунан козголду десе болот. Алмашыла турган аймактын жарымы Кыргызстанга, жарымы Тажикстанга таандык» деди атын атагысы келбеген тажик бийлигинин өкүлү.
Жергиликтүү журналист Нургазы Жайнаков чек араны тактоо боюнча эки тараптын пикири эки ача болуп, жерлерди алмаштыруу тууралуу эки башка маалымат чыгып жатканы чек араны тактоо боюнча иштерге байланыштуу түрдүү божомолдорду жаратып жатат дейт:
«Кечээ жолугушуунун башында эки вице-премьер-министр чек араны чечүүдө элде ишеним болуп, комиссиянын ишинин алга жылышына салым кошушу керек деп айтышты. Анан эле эки башка маалымат чыкса кантип ишенебиз? Маалыматты таратууда, протокол тууралуу элге айтканда ишенимдүү болушу керек да. Түкшүмөл ойлор жаралса элде кайдан ишеним болот?».
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы миң чакырымдай. Анын 400 чакырымга жакын бөлүгү ушул күнгө чейин такталбай, шарттуу сызык боюнча турат. Акыркы эки жылдан бери эки өлкө чек арасын тактоо иши тынымсыз жүргөнү айтылганы менен, азырынча натыйжасы билине элек. Мунун айынан жаңжалдар да азайган жок.