Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:04

Коронавирустан улам Венециядагы салттуу карнавал токтотулду


Венеция каналындагы карнавал учуру. 9-февраль, 2020-жыл.
Венеция каналындагы карнавал учуру. 9-февраль, 2020-жыл.

Венециянын бийлиги карнавалдын акыркы эки күнүн дүйшөмбүгө караган түндө токтотту. Бул күндөн тартып, шаардагы бардык эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынат. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги облус губернатору Луку Дзайюга шилтеме кылып жазды.

Ишембиде Италиянын бийлиги оорунун күчөп кетишинен улам анын алдын алуучу чечимдерди кабыл алган.

Венето менен Ломбардияда мектептер жана окуу жайлары жабылды. Жергиликтүү бийлик абал начарлап кетсе, чукул кырдаал киргизүүгө укук алды.

Өлкөнүн түндүгүндөгү 20 шаар карантинге алынды. 50 миңдей адамга бийлик үйдөн чыкпоо тууралуу эскертүү берген.

Премьер-министр карантинге алынган аймактардан бир да адам атайын уруксатсыз чыкпай турганын айтты.

Өткөн аптанын соңку күндөрү Италияда коронавирустан эки адам көз жумган. Бир сутканын ичинде өлкөдө оору жугузгандардын саны жүздөн ашкан.

23-февралда А сериясындагы футбол оюндары да токтотулду. Европа кубогу үчүн мелдештер жылдырылат же көрүүчүлөрү жок өткөрүлүшү ыктымал. 24-февралда Испаниядан келе турган «Барселонанын» оюнчулары жана башка тийиштүү адамдар медициналык көзөмөлдөн өткөрүлөт.

ANSA агенттиги коронавирустан улам Миландагы салттуу Жарашык жумалыгы да чектөөлөргө туш болушу мүмкүн экенин билдирди. Ага ылайык, 23-февралда Армани жарашык үйү көргөзмөсүн жабык өткөрөрү маалым болду. Конокторго көргөзмөнү үйлөрүндө эле сайттан көрүү сунушталмакчы.

XS
SM
MD
LG