Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:36

Жумгалда тургундар кытайлык жумушчуларга каршы чыгышты


Кыргызстанда жол салган кытай жумушчулары
Кыргызстанда жол салган кытай жумушчулары

Жумгалдын Кабак айылынын айрым тургундары түндүк-түштүк жолун салып жаткан кытайлык ишкананын жумушчулары айылдын ичинде жүргөнүнө каршы болушууда. Кабак айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Самсалиевдин айтымында, 23-февралда коронавирустан кооптонгон жыйырмадан ашык жергиликтүү тургун буга нааразы болуп чыгышкан.

Самсалиевдин айтымында, нааразы болгондорго кытай жарандары өз ишканасынын аймагынан чыкпайт деп түшүндүрүлдү. Айыл башчынын маалыматына ылайык, Кабакта жаңы жылда кетпей калган эки кытай жараны бар. Жаңы жылдан кийин дагы төрт кытай жумушчусу келген.

Окуяны "Фейсбуктан" түз эфирде көрсөткөн Дастан Абдыралиев аттуу колдонуучунун видеосунда чогулгандар кытай жумушчулары айылдан таптакыр чыгып кетишин талап кылып жатканын көрүүгө болот.

Кыргызстандын расмий органдары өлкө аймагында Кытайдан тараган вирусту жуктуруп алгандар жок экенин маалымдаган. Бишкекте сыркоолоп, эти ысыган Кытайдын жараны "Тез жардам" менен 20-февралда Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Ал Кыргызстанга январь айынын башында келген. Дарыгерлердин текшерүүсүндө анын дене табы 37.6 градустан жогору болуп, мурду бүтүп жатканы белгилүү болгон. Коронавирусту аныктоо үчүн анализ алынып, жыйынтыгында таза чыккан.

Коронавируска байланыштуу алдын алуу иштеринин алкагында Кыргызстанда 150дөй адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

XS
SM
MD
LG